Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын
5-сессиясынын токтому
2025-жылдын 05-апрели №5-5
Н. Исанов айыл аймагынын Күңгөй-Кожоке айылынын тиешелүү эски Токтогул мектебинин имаратын бузууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-августундагы № 518 Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндөгү жобону, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июндагы № 324 токтомун, 13-сентябрындагы № 461 токтомун жетекчиликке алып, Н. Исанов атындагы айыл аймагына тиешелүү Токтогул мектебинин эски имаратын бузуу үчүн, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине таянып, Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Н. Исанов атындагы айыл аймагына тиешелүү Токтогул мектебинин эски имаратын бузууга макулдук берилсин.
2. Токтомго ылайык мыйзамдарга негиз иш алып барып, ыйгарым укуктуу органдан алынган корутундуларга таянып уруксат алуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Эски имаратты бузуп баалоонун негизинде аукцион өткөрүп, мыйзам чегинде иш алып баруу муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин менчик же ижарага берүү үчүн түзүлгөн комиссия курамга жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Таирбек уулу |