Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын
5-сессиясынын токтому
2025-жылдын 16-августу №7-1
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Чеч-Дөбө айылынын тургуну Чотоев Расулдун Жаңы-Базар айылында жайгашкан жеке менчигинде болгон 4778,0 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 4300,0 чарчы метр жер тилкесин максаттык багытын өзгөртүп, калкты тейлөө борборуна 2 кабаттуу курулуш куруу жөнүндө
Ноокат райондук ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун 2025-жылдын 15-апрелиндеги № 01-5-436, Ош электр тармактар ишканасынын Ноокат райондук электр тармактарынын 2025-жылдын 19-майындагы №01-8/36, Ноокат райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынын 2025-жылдын 12-майындагы №1318 корутундусуна ылайык, Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Чеч-Дөбө айылынын тургуну Чотоев Расулдун Жаңы-Базар айылында жайгашкан жеке менчигиндеги 4778,0м2 жер тилкесинин турак жай куруу багытындагы жер аянтынын ичинен 4300,0 м2 чарчы метр жерин максаттуу багытын коммерциялык багытка өзгөртүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине таянып, Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Чеч-Дөбө айылынын тургуну Чотоев Расулдун Жаңы-Базар айылында жайгашкан жеке менчигиндеги 4778,0м2 жер тилкесинин турак жай куруу багытындагы жер аянтынын ичинен 4300,0 м2 чарчы метр жерин максаттуу багытын коммерциялык багытка өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун юридикалык иш кагаздарын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалына сунуштоо айыл өкмөтүнүн башчысы М.И. Примкуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж. Нурмаматовго жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Таирбек уулу |