Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин №9-чакырылышынын
7-сессиясынын токтому
2025-жылдын 16-августу №7-2
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн «Алтын-Казык» муниципалдык таза суу ишканасынын таза суунун тарифин бекитип берүү тууралуу
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн «Алтын-Казык» муниципалдык таза суу ишканасынын жетекчиси Тугельбай Эшкуловдун билдирүүсүнө негиз, айыл аймагына караштуу айылдардын таза сууга болгон тарифин көтөрүү максатында, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине таянып, Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу «Алтын-Казык» муниципалдык таза суу ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү таза суу кызматтарынын жаңы тарифтери ар бир айылдыкы төмөндөгүдөй бекитилсин.
– Чеч-Дөбө жана Жар-Коргон айылдарына болгон баа , үйдүн ичинде таза суу пайдалануучуларга 170 (бир жүз жетимиш) сом ал эми сырттан колонкадан пайдаланган абоненттерге 100 (бир жүз) сом. Суу эсептегичи бар абоненттерге 1 м3 37 (отуз жети ) сом.
– Федоров (Күнгөй-Кожоке) айылына болгон баа, суу эсептегичи бар абоненттерге 1 м3 37 (отуз жети ) сом, суу эсептегичи жок үйдүн ичиндеги абоненттерге айына 300 (үч жүз) сом, колонкадан таза суу пайдалануучу абоненттерге 200 (эки жүз) сом. Суу эсептегичин орнотууга каршы болгон абоненттерге айына 1000 (бир миң) сом. Төш участкасында жашаган абоненттер 10 тоннадан ашыкча пайдаланган болсо 1 м3 40 (кырк) сом. Эгерде суу эсептегичин орнотууга каршы болсо 2000 (эки миң) сомдон айына төлөнөт.
– Кожоке айылына болгон баа, суу эсептегичи бар абоненттерге 1 м3 37 (отуз жети ) сом, суу эсептегичи жок үйдүн ичиндеги абоненттерге айына 300 (үч жүз) сом, колонкадан таза суу пайдалануучу абоненттерге 200 (эки жүз) сом.
– Жаңы-Базар айылыа караштуу Алике, Байыш учасикасында жашаган абонентерге таза сууга 1 м3 37 (отуз жети ) сом, суу эсептегичи жок үйдүн ичиндеги абоненттерге айына 300 (үч жүз) сом, колонкадан таза суу пайдалануучу абоненттерге 200 (эки жүз) сом. Суу эсептегичин орнотууга каршы болгон абоненттерге айына 1000 (бир миң) сом.
Жогоруда көрсөтүлгөн таза сууга болгон шарттарды аткарууда, суу эсептегичин орнотууга каршы болгон жана туура эмес пайдаланган (суу насос тартырууда учурда кармалса айып пул төлөйт) абоненттердин үй ичине (короосуна) коюлган таза суу линиясын сыртка көчө боюна чыгарууга аргасыз болот.
2. «Алтын-Казык» таза суу ишканасы тарифтин көтөрүлгөндүгүн айыл аймагындагы калкка, мекемелерге жана ишкерлерге өз убагында маалымдоого милдеттүү.
3. Таза суу ишканасы тарифтердин колдонулушун, акча жыйноо тартибин жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын көзөмөлдөө үчүн тиешелүү отчётторду айыл өкмөтүнө ай сайын тапшырып туруусу милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Н.Исанов атындагы айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Таирбек уулу |