Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин №9 чакырылышынын
7-сессиясынын токтому
2025-жылдын 16-августу №7-3
Жер тилкесин трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-беренесине таянып, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Н. Исанов айыл өкмөтүнө караштуу № 733 контурундагы 0,05 га жайыт жер тилкесинен Беккари чуңкурун (биотермиялык ороо) куруу үчүн жердин категориясын «Айыл чарба багытындагы жерлерден» «Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлер» категориясына трансформациялоого (которууга) макулдук берилсин.
2. Аталган жер тилкесинин трансформациялоо иштери боюнча тийиштүү документтерди (жерге жайгаштыруу делосун) даярдоо жана мамлекеттик органдардан корутунду алуу жагы Н.Исанов айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж. Нурмаматовго жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Таирбек уулу |