Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XI СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 8-декабры № 11/7
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Тонар авто техникасын алуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловдун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фонддун эсебинен алына турган техниканын долбоорун бекитип жана өздүк салым каражатын бөлүп берүү сунушун угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна жазылган долбоору бекитилсин.
2. Өздүк салым үчүн 810 364 (сегиз жүз он миң үч жүз алтымыш төрт ) сом акча каражаты Тонар авто техникасын алуу үчүн 2026-жылдын бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.
3. Өздүк салым үчүн акча каражатын которуп берүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кум-Дөбө айылдык кеңешинин бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Ыбышов |