Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 5-сентябры № 47/Х-29
Ысык-Ата айылдык кенешинин 2025-жылдын 13-мартындагы №28/V-29 “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин акча каражатын жылдыруу жөнүндө ” жана 2025-жылдын 05-февралындагы № 21/IV-29 “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылдын бюджетин, айыл өкмөтүнүн, “Маданият” бөлүмүнүн штаттык жүгүртмөлөрүн бекитүү жана 2026-2027-жылдарга бюджеттин божомол прогнозун бекитүү жөнүндө” токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылындагы А.Мурзалиев атындагы ЖББО мектебинин жетекчисинин 2025-жылдын 22-июлундагы №53 “А.Мурзалиев атындагы ЖББО мектебинин ийрим корпусуна (3 сааттык бала бакча) 10 сааттык бала бакча ачуу максатында ашкана жабдууларын, эмеректерин жана идиш аяктарын сатып алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө” жана Үч-Эмчек айылында жайгашкан О.Жакишев ЖББОМ жетекчисинин 2025-жылдын 05-августундагы №339 “Мектепке жаңы спорт комплекси курулуп, ишке кирип, жылытуу системасына кошулгандыгына байланыштуу, мурда алып жүргөн көмүрдүн көлөмүн көбөйтүп берүү жөнүндө” катын Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүнө караштуу А.Мурзалиев атындагы ЖББО мектебинин ийрим корпусуна (3 сааттык бала бакча) 10 сааттык бала бакча ачуу максатында ашкана жабдууларын, эмеректерин жана идиш аяктарын ж.б. сатып алууга “Мектепке чейинки билим берүү” бөлүмүнүн 2224 беренесинде көмүр сатып алууга каралган 360,0 мин сом акча каражатынын 260,0 мин сомун, “Билим берүү” бөлүмүнүн 2212 беренесинде байланыш кызматына каралган 145,0 мин сом акча каражатынын 38,5 мин сомун жана 2215 беренесинде башка чыгымдарга каралган 51,0 мин сомун жана WEB сайттарына каралган 25,0 мин сомун жалпысынан 374,5 мин сом акча каражатын жылдырууга макулдук берилсин;
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Эмчек айылында жайгашкан О.Жакишев ЖББО мектебине жаңы спорт комплекси курулуп, ишке кирип, жылытуу системасына кошулгандыгына байланыштуу, мурда алып жүргөн көмүрдүн көлөмүн 44 тоннадан 70 тоннага көбөйтүү максатында 2024/2025-жылга карата мектептерге сатып алынган көмүрдүн калган 20 тоннасынын эсебинен таш көмүр сатып алууга жана Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн “Мектепке чейинки билим берүү” бөлүмүнүн 2224 беренесинен “Билим берүү” бөлүмүнүн 2224 беренесине 50,0 мин сом акча каражатын жылдырууга макулдук берилсин;
3. Жогорудагынын негизинде Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Н.Ибраимов |