Редакцияот 05.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

 

2025-жылдын 5-сентябры № 49/Х-29

 

Ысык-Ата айыл аймагына караштуу айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү ЖОБОго ылайык келечек планын бекитүү жөнүндө

 

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 05-августундагы №1965/1 катын Ысык-Ата айылдык Кенеши карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба багытындагы жерлерди, мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө” типтүү ЖОБОго ылайык Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:

1. Ысык-Ата айыл аймагына караштуу айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү ЖОБОго ылайык Ысык-Ата айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн аукцион өткөрүү боюнча комиссия курамы түзгөн келечек планын бекитүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айыл аймагына караштуу айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн аукцион өткөрүү боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

Төрага

 

Н.Ибраимов