Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 306-т тескемесине тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тоголез Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу
Мындан ары биргелешип Тараптар жана өз-өзүнчө Тарап деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Тоголез Республикасынын Өкмөтү,
эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты кыйла күчөтүү үчүн, атап айтканда тең укуктуулук жана өз ара пайдалуулук принциптеринин негизинде бир мамлекеттин инвесторлорунун экинчи мамлекеттин аймагындагы инвестициялары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтулуп,
эки мамлекетте тең инвестициялык демилгелерге дем берүү жана гүлдөп өсүшүнө жетишүү үчүн инвестицияларды колдоонун жана коргоонун өсүп бара жаткан маанисин таануу менен,
бул максаттарга улуттук ченемдерди жана саламаттык сактоо, коопсуздук, айлана-чөйрөнү коргоо, эмгек жаатындагы эрежелерди жана улуттук корпорациялардын корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин принциптерин бузбастан жана туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүгө жөндөм түзүү менен жетишүүгө мүмкүн боло турганын таануу менен;
мындай инвестицияларды ишке ашыруунун натыйжасында технологияларды өткөрүп берүүнүн, жумуш орундарын түзүүнүн жана адам ресурстарын өнүктүрүүнүн маанисин таанып;
ар бир Тарап өз мамлекетинин аймагында чет өлкөлүк инвестицияларды жөнгө салуу жана инвестициялык иштин өз мамлекетинин улуттук мыйзамдарына, саясатына жана өнүктүрүү стратегияларына ылайык жүргүзүлүшүн камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүү укугун өзүндө сактай турганын таануу менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Аныктамалар
Эгерде башкасы белгиленбесе, ушул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкү сөздөр жана терминдер тийиштүү маанилерге ээ:
инвестициялар – бир Тараптын мамлекетинин инвесторунун менчигине таандык же анын түз же кыйыр контролунда турган жана экинчи Тараптын мамлекетинин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ошол Тараптын мамлекетинин аймагында экономикалык иш объекттерине салынган, капитал салуу, киреше же пайда алууну күтүү, тобокелдикти же белгилүү бир уланууну өзүнө алуу, кабыл алуучу мамлекеттин экономикалык өнүгүшүнө салым кошуу сыяктуу инвестициянын мүнөздөмөлөрүнө ээ болгон бардык түрдөгү активдер, аларга төмөнкүлөр кирет, атап айтканда:
– акча каражаттары;
– кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк;
– мүлктүк укуктар (ипотека, мүлктү кармоо укугу, күрөө жана башка укуктар);
– юридикалык жактагы акциялар жана катышуунун башка формалары;
– облигациялар жана башка карыздык милдеттенмелер;
– интеллектуалдык менчик укуктары (анын ичинде товардык белгилер, автордук жана чектеш укуктар, патенттер, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү, интегралдык микросхемалардын топологиялары, селекциялык жетишкендиктер, товарлардын келип чыгуу жерлеринин аталыштары, географиялык көрсөткүчтөр, фирмалык аталыштар жана ноу-хау);
– кабыл алуучу Тараптын мыйзамдарына ылайык же келишимдердин негизинде берилген укуктар, анын ичинде иш жүргүзүүгө, ошондой эле жаратылыш ресурстарын чалгындоо, казуу же пайдалануу үчүн лицензиялар;
– Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына негизделген концессиялар, анын ичинде Тараптын мамлекетинин жаратылыш ресурстарын чалгындоо, иштетүү, казуу же эксплуатациялоо боюнча концессиялар;
– инвестициялардан алынган жана Тараптын мамлекетинин аймагында кайра инвестицияланган пайда же киреше;
– Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары менен тыюу салынбаган инвестициялардын башка формалары.
Мүлк инвестицияланган форма же бул форманын өзгөрүшү инвестиция катары алардын мүнөзүнө таасирин тийгизбейт.
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн инвестициялар төмөнкүлөрдү камтыбайт:
– мамлекет тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар же мамлекетке же мамлекеттик менчикте же мамлекеттик контролдо турган ишканага берилген карыздар;
– портфелдик инвестициялар, башкача айтканда инвесторго ишкананы натыйжалуу башкарууга же башкарууга таасир этүүгө мүмкүндүк бербеген инвестициялар;
– товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу-сатып алуу боюнча коммерциялык келишимдерден же коммерциялык бүтүмдүн алкагында кредит берүүдөн гана келип чыккан акча каражаттарынын талаптары;
– соттук, административдик же арбитраждык териштирүүнүн алкагында чыгарылган чечимдерден же соттук актылардан келип чыгуучу талаптар;
инвестор – түз инвестициялар формасында өзүнүн, карызга алынган же тартылган каражаттарды салым катары кошкон инвестициялык иш жүргүзгөн каалагандай жеке же юридикалык жак;
жеке жак – биринчи Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык анын жараны болуп саналган адам.
Ушул Макулдашуунун алкагында башка жарандыкка да ээ Кыргыз Республикасынын жараны Тараптардын мамлекеттери тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны катары гана каралат, анын экономикалык иши Тараптардын мамлекеттеринин аймагында жүзөгө ашырылат;
башка жарандык – Кыргыз Республикасынын жаранында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык чет мамлекеттин же бир нече чет мамлекеттин жарандыгынын болушу;
юридикалык жак – Тараптардын биринин мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык тиешелүү тартипте негизделген же түзүлгөн жана мындай Тараптын мамлекетинин аймагындагы иш жүзүндөгү экономикалык иши менен бирге өзүнүн жайгашкан жери болгон кандай болбосун юридикалык жак;
аймак:
– Тоголез Республикасына карата – мамлекеттик чек аранын чегиндеги аймак, анын ичинде мамлекеттик эгемендүүлүк жайылтылуучу кургак жер, суулар, жер казынасы жана аба мейкиндиги, ошондой эле Тоголез Республикасынын эл аралык келишимдерине жана улуттук мыйзамдарына ылайык ал өзүнүн суверендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырган же андан ары жүзөгө ашыра алган мамлекеттик чек аранын чегинен тышкаркы кандай болбосун аймак;
– Кыргыз Республикасына карата – мамлекеттик чек аранын чегиндеги аймак, анын ичинде мамлекеттик эгемендүүлүк жайылтылуучу кургак жер, суулар, жер казынасы жана аба мейкиндиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана улуттук мыйзамдарына ылайык ал өзүнүн суверендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырган же андан ары жүзөгө ашыра алган мамлекеттик чек аранын чегинен тышкаркы кандай болбосун аймак;
чара – мыйзам, жобо, эрежелер, жол-жоболор, чечимдер, административдик чара формасындагы же Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык алардын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган башка кандай болбосун формадагы Тараптын кандай болбосун чарасы;
киреше – инвестициялардан алынган же келип чыгуучу сумма, анын ичинде пайда, дивиденддер, пайыздар, капиталдын өсүшүнөн түшүүчү кирешелер, роялти эсебине төлөмдөр, интеллектуалдык менчик укуктарына байланышкан төлөмдөр жана башка мыйзамдуу кирешелер. Инвестицияны аныктоо максатында инвестицияланган кирешелер инвестициялар катары каралат жана активдер инвестициялануучу же кайра инвестициялануучу формалардын кандай болбосун өзгөрүшү инвестициялар катары алардын мүнөзүнө таасир этпейт;
эркин колдонулуучу валюта – 1994-жылдын 22-июлундагы Эл аралык валюта фондунун (мындан ары Фонд деп аталуучу) Макулдашуусунун беренелерине жана ага карата түзөтүүлөргө ылайык аныкталуучу эркин колдонулуучу валюта; .
реквизиция – табигый кырсыктар, авариялар, эпидемиялар, эпизоотиялар жана өзгөчө мүнөзгө ээ башка жагдайларда коомдун кызыкчылыгында мамлекеттик органдардын чечими боюнча Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда менчик ээсинен мүлктү алып коюу;
ИТЖЭБ – ИТЖЭБ Конвенциясы тарабынан түзүлгөн Инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбор;
ИТЖЭБ Конвенциясы – 1965-жылдын 18-мартындагы Мамлекеттер менен башка мамлекеттердин жарандарынын ортосундагы Инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу жөнүндө конвенция;
ИТЖЭБ кошумча эрежелери – ИТЖЭБ кошумча механизм эрежелери (2006-жылдын 10-апрелиндеги редакцияда);
ИТЖЭБ арбитраждык регламенти – 2006-жылдын 10-апрелиндеги өзгөртүлгөн жана күчүнө кирген арбитраждык териштирүү үчүн эрежелер (Арбитраждык эрежелер);
Нью-Йорк конвенциясы – 1958-жылдын 10-июнундагы Чет өлкөлүк арбитраждык чечимдерди таануу жана аткаруу жөнүндө конвенция;
ЮНСИТРАЛ арбитраждык регламенти – 1976-жылдын 15-декабрындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан сунушталган Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык соода укугу боюнча комиссиясынын арбитраждык регламенти.
2-берене. Макулдашуунун колдонулушу
1. Ушул Макулдашуу Тараптар, инвесторлор жана инвестициялар үчүн укуктарды жана милдеттенмелерди белгилейт.
2. Ар бир Тарап экинчи Тараптын мамлекетинин инвесторлору тарабынан жүзөгө ашырылган инвестицияларды өз мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык кабыл алат.
3. Бул Макулдашуунун жоболору төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
1) ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин болгон окуялардан келип чыгуучу талаптарга же ошол учурга чейин келип чыккан талаптарга. Тактык үчүн, ушул Макулдашуу ал күчүнө киргенге чейин келип чыккан, жөнгө салынган же келип чыгышы мүмкүн болгон талаш-тартыштарга колдонулбайт;
2) мамлекеттик сатып алууларга;
3) Тарап берүүчү субсидияларга же гранттарга, анын ичинде мамлекеттик колдоого алынган кредиттерге, кепилдиктерге жана улуттук өнүктүрүү программаларынын алкагындагы камсыздандырууга;
4) Тараптын колдонуудагы мыйзамдарына жана ченемдик актыларына ылайык мыйзамсыз жол менен алынган капиталды же активдерди пайдалануу менен жүзөгө ашырылган инвестицияларга;
5) Тараптын колдонуудагы мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык кабыл алынган салыктык чараларга;
6) кабыл алуучу Тарапты өнүктүрүүгө көмөктөшүү, чакан жана орто ишкердикти же жаңы тармактарды өнүктүрүү максатында финансылык мекемелер тарабынан берилүүчү кандай болбосун өзгөчө артыкчылыктарга;
7) Тараптардын бири тарабынан жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик карызды жана мамлекеттик ишканалардын карыздарын реструктуризациялоо боюнча жүргүзүлгөн операцияларга;
8) экономикалык пайда алуу же башка ишкердик максаттар үчүн алынгандан тышкары, кыймылсыз мүлккө же башка мүлккө.
2-глава. Коргоо
3-берене. Инвестицияларды колдоо жана коргоо
1. Ар бир Тарап өз аймагында колдонуудагы мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык инвестицияларды колдоо максатында экинчи Тараптын мамлекетинин инвесторлору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт жана аларга дем берет.
2. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында эки Тараптын инвесторлору тарабынан жүзөгө ашырылуучу инвестицияларга адилеттүү жана тең укуктуу режим, ошондой эле толук коргоо жана коопсуздук берилет.
3. Тагыраак болуш үчүн «адилеттүү жана тең укуктуу режим» термини кылмыш-жаза, жарандык же административдик соттук териштирүүлөрдө сот адилеттүүлүгүнөн баш тартпоо жана кадимки эл аралык укуктун ченемдери менен белгиленген кайрылуунун минималдуу стандартына ылайык тийиштүү укуктук жол-жоболорду бузбоо милдеттенмелерин билдирет. Ушул берененин же ушул Макулдашуунун кандай болбосун башка жоболоруна карабастан, максаттарга (мамлекеттик саясаттын) жетүү үчүн мыйзам чыгаруу, жөнгө салуу, административдик, соттук же башка суверендүү юрисдикцияны мыйзамдуу жүзөгө ашыруу эч кандай жагдайда «адилеттүү жана тең укуктуу режим» стандартын бузуу катары каралбайт.
4. «Толук коргоо жана коопсуздук» термини кабыл алуучу Тараптын өзүнүн инвесторлорунун же кайсы болбосун үчүнчү мамлекеттин инвесторлорунун инвестицияларына берилген коргоодон кем эмес коргоону билдирет.
5. Ушул Макулдашуунун кандай болбосун башка жобосун же Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган өзүнчө эл аралык макулдашууну бузуу бул беренени бузуу деп саналбайт.
6. Тагыраак болуш үчүн инвестициялар жоголгон же алардын наркы төмөндөгөн учурда да инвестордун күтүүлөрүнө ылайык келбеши мүмкүн болгон чараларды Тараптын көрүүсү же көрбөөсү ушул беренени бузууну түзбөйт.
4-берене. Улуттук режим жана кыйла
ыңгайлуу режим
1. Ар бир Тарап өзүнүн аймагында ушундай жагдайларда экинчи Тараптын инвесторлоруна жана алардын инвестицияларына башкаруу, тейлөө, пайдалануу, колдонуу же алардын инвестицияларын тескөө боюнча өз инвесторлоруна жана алардын инвестицияларына бергенден кем эмес ыңгайлуу режимди берет.
2. Ар бир Тарап өзүнүн аймагында ушундай жагдайларда экинчи Тараптын инвесторлоруна жана алардын инвестицияларына башкаруу, тейлөө, пайдалануу, колдонуу же алардын инвестицияларын тескөө боюнча кайсы болбосун үчүнчү мамлекеттин инвесторлоруна жана алардын инвестицияларына бергенден кем эмес ыңгайлуу режимди берет.
3. Тагыраак болуш үчүн ушул беренедеги окшош жагдайларга шилтемелер инвестициянын бардык жагдайларынын ар бир конкреттүү учурун, анын ичинде төмөнкүлөрдү ар тараптуу изилдөөнү талап кылат:
1) үчүнчү жактарга жана жергиликтүү коомчулукка тийгизген таасирин;
2) жергиликтүү, региондук же улуттук чөйрөгө тийгизген таасирин, анын ичинде юрисдикциянын чегинде бардык инвестицияларга тийгизген жалпы таасирин;
3) инвестор жайгашкан секторду;
4) тиешелүү чаранын максатын;
5) мыйзамдуу коомдук жыргалчылыктын же коомдук тартиптин максаттарынын негизинде инвесторлордун же инвестициялардын ортосунда тиешелүү режимде айырмалоо жүргүзүлөбү;
6) жөнгө салуу процессин, адатта тиешелүү чарага карата колдонулат;
7) каралып жаткан чарага карата инвестицияга же инвесторго түздөн-түз тиешелүү болгон башка факторлорду.
4. Ар бир Тарап өзүнүн мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык экономиканын сезимтал секторлорун жана (же) ушул милдеттенменин колдонуу чөйрөсүнөн чектелиши же чыгарылышы мүмкүн болгон иштин буга байланышкан башка түрлөрүн аныктоо укугун өзүнө калтырат.
5. Бул берене үчүнчү мамлекеттер менен макулдашууларда каралган мамлекеттер ортосундагы талаш-тартыштарды чечүү механизмдерине карата колдонулбайт.
6. Бул берене ушул Макулдашууга кол коюлган күнгө чейин күчүнө кирген колдонуудагы эки тараптуу же көп тараптуу эл аралык инвестициялык келишимдерге ылайык Тараптар берген режимге карата колдонулбайт.
7. Ушул берененин 1-пунктунда каралган улуттук режим төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
1) улуттук өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн улуттук мыйзамдарга жана ченемдик актыларга ылайык улуттук инвестицияларга жана инвесторлорго берилген артыкчылыктуу режимге;
2) кабыл алуучу Тараптын мыйзамдарына жана ченемдик актыларына ылайык стратегиялык тармактарга тиешелүү чараларга;
3) региондук же эл аралык макулдашуулар боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу максатында Тараптын көрүүчү чараларына.
5-берене. Персоналдын кириши жана болуусу
Улуттук мыйзамдарды эске алуу менен ар бир Тарап инвесторлорго жана алардын персоналына инвестицияларга байланышкан ишти жүргүзүү үчүн өз аймагына кирүүгө жана болууга уруксат берет.
6-берене. Экспроприация
1. Эгерде төмөнкү шарттар сакталбаса, Тараптардын бири да экинчи Тараптын мамлекетинин инвесторлорун алардын инвестицияларынан түз же кыйыр түрдө ажыратуучу улутташтырууга же кандайдыр бир башка чараларды көрүүгө тийиш эмес:
1) чара коомдук кызыкчылыкта көрүлөт;
2) чара Тараптардын мыйзамдарында белгиленген шарттарга жана тартипке ылайык көрүлөт;
3) чара дискриминациясыз түрдө көрүлөт;
4) чара Тараптардын мыйзамдарында белгиленген тартипте компенсацияны кечиктирбестен төлөө менен көрүлөт.
2. Тараптардын иш-аракети же бир катар иш-аракеттери, эгерде алар инвестицияга материалдык же материалдык эмес менчикке же мүлктүк кызыкчылыкка карата (кабыл алуучу мамлекеттин улуттук мыйзамдарынын негизинде аныкталуучу) укуктарды козгобосо, экспроприация боло албайт.
3. Түз экспроприация инвестициялар улутташтырылганда же башка ыкма менен түздөн-түз менчик укугун формалдуу өткөрүп берүү же түз камакка алуу жолу менен кабыл алынганда пайда болот.
4. Эгерде Тараптардын мамлекетинин чарасы же бир катар чаралары менчик укугун формалдуу өткөрүп бербестен же түз камакка албастан түз экспроприацияга барабар эффектке ээ болсо, кыйыр экспроприация орун алат, анда ал инвесторду өзүнүн инвестицияларындагы менчиктин негизги атрибуттарынан, анын ичинде өзүнүн инвестицияларын пайдалануу, ээлик кылуу жана тескөө укугунан, формалдуу укуктук статусун өткөрүп бербестен же түз камакка албастан ажыратат.
5. Конкреттүү иш жүзүндөгү кырдаалда Тараптардын мамлекетинин иш-аракети же иш-аракеттеринин сериясы кыйыр экспроприация экендигин аныктоо ар бир конкреттүү учурда төмөнкү факторлорду эске алуу менен фактыларга негизделген изилдөө жүргүзүүнү талап кылат:
1) Тараптардын мамлекетинин иш-аракеттеринин экономикалык кесепеттери, Тараптардын мамлекетинин аракети же иш-аракеттеринин сериясы инвестициялардын экономикалык наркына терс таасирин тийгизгени менен бул факт кыйыр экспроприацияны билдирбейт;
2) Тараптардын мамлекетинин иш-аракеттери инвестициялар менен бекемделген так, негиздүү күтүүлөргө бөгөт коюу даражасы.
6. Ушул берене интеллектуалдык менчик укуктарына карата берилген мажбурлоочу лицензияларды берүүгө же мындай берүү, жокко чыгаруу, чектөө же түзүү интеллектуалдык менчик жөнүндө колдонулуучу эл аралык келишимдер менен макулдашылгандай өлчөмдө интеллектуалдык менчик укуктарын жокко чыгарууга, чектөөгө же түзүүгө карата колдонулбайт.
7-берене. Жоготуулар үчүн компенсация
1. Согуштун, куралдуу чыр-чатактын, өзгөчө абалдын, мамлекеттик төңкөрүштүн, башаламандыктын же башка ушул сыяктуу ал жеткис күчтөрдүн натыйжасында инвестициялары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында чыгымга учураган бир Тараптын мамлекетинин инвесторлоруна мындай Тараптын мамлекети тарабынан, эгерде андай болсо, реституция, ордун толтуруу, компенсация же башка жөнгө салуу жагынан, акыркы Тараптын мамлекети өзүнүн инвесторлоруна же кайсы болбосун үчүнчү мамлекеттин инвесторлоруна бергенден кем эмес жагымдуу режимге ээ болот, кайсынысы жагымдуураак болсо, ошол колдонулат.
Кайсы гана болбосун жыйынтык компенсация эркин конвертациялануучу валютада жүзөгө ашырылат жана ушул Макулдашуунун 8-беренесине (Которуулар) ылайык эркин которулууга тийиш.
2. Эгерде бир Тараптын мамлекетинин инвестору ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында төмөнкүлөрдүн кесепетинде зыян тартат:
1) акыркы Тараптын мамлекетинин куралдуу күчтөрү же бийликтери тарабынан анын инвестицияларын же анын бир бөлүгүн реквизициялоо; же
2) Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган кырдаалдын зарылдыгы талап кылынбаган акыркы Тараптын мамлекетинин куралдуу күчтөрү же бийликтери анын инвестицияларын же анын бир бөлүгүн жок кылса, акыркы Тарап инвесторго мындай чыгым үчүн ылайыктуу болгон реституцияны, компенсацияны же экөөнү тең берет.
8-берене. Которуулар
1. Бардык салык милдеттенмелери аткарылгандан кийин ар бир Тарап экинчи Тараптын мамлекетинин инвесторлорунун өз аймагындагы инвестициялары менен байланышкан бардык которууларга уруксат берет.
Мындай которуулар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) капиталга салым, анын ичинде баштапкы төгүм;
2) пайда, дивиденддер, капиталдын өсүшүнөн түшкөн киреше, бардык инвестицияларды же кандайдыр бир бөлүгүн сатуудан же инвестицияларды жарым-жартылай же толугу менен жоюудан түшкөн киреше;
3) пайыздар, роялти, башкаруу кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөр, техникалык колдоо үчүн төлөмдөр жана башка төлөмдөр;
4) инвестор менен келишим түзүүгө байланыштуу же инвестициялар жөнүндө төлөмдөр, анын ичинде ссуда жөнүндө келишимге ылайык жүргүзүлгөн төлөмдөр;
5) ушул Макулдашуунун 6-беренесине (Экспроприация) жана 7-беренесине (Жоготуулар үчүн компенсация) ылайык төлөмдөр;
6) ушул Макулдашуунун 3-главасына ылайык келип чыккан төлөмдөр (Талаш-тартыштарды жөнгө салуу).
2. Ар бир Тарап тышкы финансылык мамилелерди жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдык жана ченемдик жоболорду сактоо менен которуу учурунда белгиленген валюта алмашуунун рыноктук курсу боюнча эркин колдонулган валютада жүргүзүлүүчү которууларга уруксат берет.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарына зыян келтирбестен, Тарап өзүнүн улуттук мыйзамдарын төмөнкүлөргө тийиштүү басмырлоосуз жана ак ниет колдонуу жолу менен которууну болтурбай коё алат:
1) банкроттук, төлөөгө жөндөмсүздүк же кредиторлордун укуктарын коргоо;
2) эмиссиялар, соода же баалуу кагаздар, фьючерстер, опциондор же деривативалар менен бүтүмдөр;
3) укук коргоо органдарына же финансылык жөнгө салуу органдарына көмөктөшүү зарыл болгон учурда финансылык отчеттуулук жана которууларды эсепке алуу;
4) кылмыш-жаза кылмыштары;
5) соттук же административдик өндүрүштө буйруктардын же соттук чечимдердин сакталышын камсыз кылуу;
6) социалдык камсыздоо, пенсия же жыйым топтоо милдеттүү программасы.
4. Тараптар ушул берененин 3-пунктунун 4-пунктчасы акчаларды адалдоону, терроризмди каржылоону жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну болтурбоо үчүн финансылык чараларды иштеп чыгуу тобунун эл аралык стандарттарына ылайык кабыл алынган чараларга карата колдонулушу мүмкүн деп түшүнөт.
9-берене. Төлөм балансын коргоо үчүн чектөөлөр
1. Төлөм балансынын олуттуу кыйынчылыктары жана тышкы финансылык кыйынчылыктар же алардын коркунучтары учурларында, ошондой эле экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Тарап инвестицияларга байланыштуу төлөмдөргө же которууларга чектөөлөрдү белгилей же колдой алат. Экономикалык өнүгүү процессинде турган Тараптын төлөм балансына өзгөчө басым жасоо экономикалык өнүгүү программаларын жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү финансылык резервдердин деңгээлинин сакталышын камсыз кылуу үчүн чектөөлөрдү пайдалануу зарылдыгын пайда кылышы мүмкүн деп таанылат.
2. Ушул берененин 1-пунктунда айтылган чектөөлөр:
1) Фонддун Макулдашуусунун беренелерине ылайык келүүгө тийиш;
2) экинчи Тараптын мамлекетинин коммерциялык, экономикалык жана финансылык кызыкчылыктарына ашыкча зыян келтирүүдөн качуу;
3) ушул берененин 1-пунктунда баяндалган жагдайларда зарылдыктын чегинен чыкпоо;
4) убактылуу болуп саналат жана ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жобонун жакшырышына жараша акырындык менен четтетилет;
5) басмырлоосуз негизде колдонулууга жана экинчи Тараптын мамлекетине карата үчүнчү мамлекетке караганда кем эмес жагымдуу шартта каралууга тийиш.
3. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык белгиленген же сакталган кандай болбосун чектөөлөр же кайсы болбосун өзгөртүүлөр жөнүндө экинчи Тарапка 30 (отуз) календардык күндүн ичинде билдирилиши керек.
4. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык кандай болбосун чектөөлөрдү белгилеген Тарап экинчи Тарап кабыл алган чектөөлөрдү кароо үчүн чектөөлөр кабыл алынганга чейин, ошондой эле андан кийин экинчи Тарап менен консультацияларды жүргүзөт.
10-берене. Суброгация
1. Эгерде Тараптардын бири (же ал тарабынан аныкталган же агенттик, мекеме, орган же корпорация) инвестицияларга же алардын кайсы болбосун бөлүгүнө карата берилген ордун толтуруунун натыйжасында өзүнүн инвесторлоруна алардын ушул Макулдашуу боюнча кайсы болбосун тараптарына карата төлөмдөрдү жүзөгө ашырса, экинчи Тарап биринчи Тараптын (же ал тарабынан аныкталган же агенттик, мекеме, орган же корпорация) суброгациядан улам укуктарды жүзөгө ашырууга жана өзүнүн мамлекетинин инвесторлорунун талаптарын коюуга укуктуу экенин тааныйт. Суброгацияланган укуктар же талаптар аталган инвестордун баштапкы укуктарынан же талаптарынан ашпоого тийиш.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн инвестор аймагында тиешелүү инвестициялар жүзөгө ашырылган Тарапка карата суброгация орун алган чекте ушул Макулдашуудан келип чыккан мындай укуктарды же талаптарды коюу укугунан ажырайт.
3-глава. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
1-бөлүм. Тарап менен экинчи Тараптын мамлекетинин инвесторунун ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу
11-берене. Максаты
Бул бөлүм ушул Макулдашууга ылайык Тараптардын бири менен экинчи Тараптын мамлекетинин инвесторунун ортосундагы ал инвестордун же анын инвестицияларынын жоготууларынын же келтирилген зыяндын себеби болуп саналган биринчи Тараптын милдеттенмелеринин бузулушунун ыктымалдыгы боюнча талаш-тартыштарга карата колдонулат.
12-берене. Жол-жобо
1. Талаш-тартыштын Тараптары ушул бөлүмдүн таасиринин чөйрөсүнө кирген кандай болбосун талаш-тартышты достук жолу менен жөнгө салуу максатында консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
2. Эгерде талаш-тартыш 1-пунктта каралган консультациялар жана сүйлөшүүлөр башталган датадан тартып 6 (алты) айдын ичинде жөнгө салынбаса жана Тараптар башкача макулдашпаса, талаш-тартыштын Тарабы болуп саналган инвестор (мындан ары – доогер) талаш-тартышты төмөнкү органдардын биринин кароосуна бере алат:
1) талаш-тартыштын Тарабы болуп саналган Тараптын (мындан ары – жоопкер) мамлекетинин улуттук сотторуна, мындай соттор талаш-тартыш боюнча юрисдикцияга ээ болгон шартта;
2) 1965-жылдын 18-мартында Вашингтондо кол коюлган Башка мамлекеттердин жана жарандардын ортосундагы инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу жөнүндө конвенцияга жана ИТЖЭБ Арбитраждык эрежелерине ылайык арбитражга;
3) ИТЖЭБ Кошумча механизмине ылайык арбитражга;
4) эгерде талаш-тартыштын эки Тарабы макул болсо – БУУнун Эл аралык соода укугу боюнча комиссиясынын (ЮНСИТРАЛ) Арбитраждык эрежелерине ылайык арбитражга;
5) талаш-тартыштын Тараптары макулдашканда – башка арбитраждык институтка же башка арбитраждык эрежелерге ылайык.
3. Бул берененин 2-пункту өзү эле 1965-жылдын 18-мартында Вашингтондо кол коюлган Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу жөнүндө конвенциянын 25(1)-беренесине ылайык талап кылынган макулдук катары же Нью-Йорк Конвенциясынын II беренесинин максаттары үчүн «жазуу жүзүндөгү макулдашуу» катары эсептелбейт.
4. Бул берененин 2-пунктуна ылайык талаш-тартышты арбитражга берүү төмөнкү шарттар менен шартталган:
1) доогер бул Макулдашуу боюнча милдеттенмелердин бузулушу жана анын натыйжасында келтирилген зыян же чыгым жөнүндө биринчи жолу билген же билүүгө тийиш болгон датадан тартып 3 жылдын ичинде арбитражга кайрылууга тийиш;
2) доогер ушул бөлүмдө белгиленген жол-жоболорго ылайык арбитражга жазуу жүзүндө макулдугун берет;
3) жоопкер Тарап инвестор тандаган талаш-тартыштарды жөнгө салуу форумуна талаш-тартышты өткөрүп берүүгө жазуу жүзүндө макулдугун берет;
4) доогер арбитражга кайрылганга чейин кеминде 90 (токсон) календардык күн мурда жоопкерге өзүнүн ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүнү жиберет, анда:
а) доогердин аты (аталышы) жана дареги көрсөтүлөт;
б) ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн форумдардын бири талаш-тартышты чечүү үчүн тандалган катары аныкталат;
в) доогер талаш-тартыштарды чечүүнүн башка форумдарында демилгелөө же териштирүүнү улантуу укугунан баш тарткандыгы ырасталат (ушул берененин 8-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу коргоо чараларына тиешелүү иштерди кошпогондо);
г) дооматтын кыскача баяндамасы, бузулган деп эсептелген жоболорго көрсөтмө, укуктук жана фактылык негиздер, ошондой эле келтирилген зыян же чыгымдар тууралуу маалымат келтирилет.
5. Доогер талаш-тартышты же улуттук сотко, же ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн арбитраждык механизмдердин бирине бергенден кийин талаш-тартышты чечүү форумун тандоо акыркы болуп саналат.
6. Эгерде талаш-тартыштын Тараптары башкача макулдашпаса, арбитраждык трибунал үч арбитрден турат, мында арбиртлердин бири да Тараптын мамлекетинин жараны же туруктуу жашоочусу болбоого тийиш. Ар бир Тарап бирден арбитр дайындайт, ал эми төрагалык кылуучу үчүнчү арбитр Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча шайланат. Эгерде 90 (токсон) календардык күндүн ичинде арбитр дайындалбагандыгынын же төрагалык кылуучу арбитрдин талапкерлиги боюнча макулдашуунун жоктугунун натыйжасында трибунал түзүлбөсө, тиешелүү арбитраждык мекеменин башкы катчысы Тараптардын каалаганынын өтүнүчү боюнча дайындалбаган арбитрди дайындайт.
7. Талаш-тартыштын Тараптары арбитраждык териштирүүнү өткөрүү жерин макулдашуусу мүмкүн. Мындай макулдашуу болбогон учурда, трибунал колдонулуучу эрежелерге ылайык жерди аныктайт, ошол эле учурда ал Нью-Йорк конвенциясына катышкан мамлекеттин аймагында болууга тийиш.
8. Ушул берененин 5-пунктунун жоболоруна карабастан, эч нерсе доогерге негизги талаш-тартыш чечилгенге чейин өз укуктарын сактоо максатында жана компенсацияны талап кылбастан жоопкердин сотторунда же административдик трибуналдарында убактылуу коргоо чараларын колдонууну талап кылууга тоскоолдук кылбайт.
9. Жоопкер Тарап арбитраждык чечимди аткарбаган же аткаруудан баш тарткан учурларды кошпогондо, Тараптардын бири да анын инвестору жана жоопкер Тарап тарабынан ушул бөлүмгө ылайык арбитражга берилген талаш-тартышка карата дипломатиялык коргоо көрсөтпөйт жана эл аралык талапты койбойт.
10. Арбитраждык чечим акыркы жана милдеттүү болуп саналат. Ар бир Тарап өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык мындай чечимдин таанылышын жана аткарылышын камсыз кылат.
2-бөлүм. Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу
13-берене. Максаты
Бул бөлүм ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдөн жана колдонуудан келип чыгуучу Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салууга карата колдонулат.
14-берене. Консультациялар жана сүйлөшүүлөр
1. Каалаган Тарап ушул Макулдашуунун чечмелениши же колдонулушу тууралуу консультацияларды жазуу жүзүндө сурай алат.
2. Эгерде Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар ушул Макулдашуунун чечмелениши же колдонулушу тууралуу келип чыкса, алар мүмкүн болушунча өз ара макулдашуунун негизинде консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен же дипломатиялык каналдар аркылуу чечилет.
3. Эгерде талаш-тартыш мындай консультацияларды же сүйлөшүүлөрдү, же дипломатиялык жол-жоболорду жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү суроо-талаптын датасынан тартып 6 айдын ичинде көрсөтүлгөн түрдө жөнгө салынбаса, Тараптардын каалаганы талаш-тартышты ушул бөлүмгө ылайык түзүлгөн арбитраждык трибуналдын кароосуна же Тараптардын макулдашуусу боюнча каалаган башка эл аралык сотко же трибуналга бере алат.
15-берене. Арбитраждык сотту түзүү
1. Ушул Макулдашуунун 14-беренесине ылайык ушул бөлүмдүн жоболоруна ылайык кароого берилген ар бир өзүнчө талаш-тартыш үчүн арбитраждык трибунал түзүлөт.
2. Арбитраждык жол-жобо бир Тарап (доогер Тарап) тарабынан экинчи Тарапка (жоопкер Тарап) дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө кабарлоо жөнөтүү менен башталат. Мындай кабарлоо ушул Макулдашуунун 2-главасынын жоболорунун баяндамаларынан, арыздын болжолдуу бузулган, мыйзамдуу жана фактылык негиздеринен, өнүгүүнүн кыскача баяндамасынан жана ушул Макулдашуунун 14-беренесине ылайык консультациялардын жана сүйлөшүүлөрдүн натыйжаларынан, доогер Тараптын жол-жобону ушул бөлүмгө ылайык баштоо ниетинен жана мындай доогер Тарап тарабынан дайындалган арбитрдин толук маалыматтарынан турууга тийиш.
3. Мындай кабарлоо берилгенден кийин 30 (отуз) календардык күндүн ичинде жоопкер Тарап өзүнүн дайындаган арбитринин аты жөнүндө доогер Тарапка маалымдайт.
4. Экинчи арбитр дайындалган күндөн кийинки 30 (отуз) календардык күндүн ичинде Тараптар өз ара макулдашуу боюнча үчүнчү арбитрди дайындайт, ал арбитраждык соттун төрагасы болот. Эгерде Тараптар үчүнчү арбитрди дайындоо боюнча өз ара макулдашууга келишпесе, Тараптар дайындаган арбитрлер 30 (отуз) календардык күндүн ичинде үчүнчү арбитрди дайындайт, ал арбитраждык соттун төрагасы болот.
5. Бул берененин 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн арбитрлерди тандоо жол-жоблоруна карата эки Тарап тең жана алар дайындаган арбитрлер тиешелүү кырдаалдарда Тараптардын биринин жараны же туруктуу резиденти болгон арбитрлерди тандоого укуксуз.
6. Эгерде ушул берененин 2 жана 3-пункттарында белгиленген мөөнөттөрдө талап кылынган дайындоолор жүргүзүлбөсө, кайсы болбосун Тарап Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык сотунун төрагасын мурда дайындалбаган арбитрди же арбитрлерди дайындоо үчүн чакыра алат. Эгерде төрага Тараптардын биринин мамлекетинин жараны же туруктуу резиденти же аракетке жөндөмсүз болсо, анда зарыл болгон дайындоолорду жүргүзүү үчүн төраганын орун басары чакырылат. Эгерде төраганын орун басары Тараптардын биринин мамлекетинин жараны же туруктуу резиденти же аракетке жөндөмсүз болсо, Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык сотунун жашы боюнча улуу, Тараптардын биринин мамлекетинин жараны да, туруктуу резиденти да болбогон кийинки мүчөсү зарыл болгон дайындоолорду жүргүзүү үчүн чакырылат.
7. Эгерде ушул беренеге ылайык дайындалган арбитр баш тарткан же аракетке жөндөмсүз болгон учурда, укук улантуучу баштапкы арбитрди дайындоо үчүн аныкталган тартипте дайындалат. Укук улантуучу баштапкы арбитр ээ болгон ошол эле ыйгарым укуктарга жана милдеттерге ээ болот.
16-берене. Жол-жобо
1. Эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, арбитраждык териштирүү жүргүзүү орду сот тарабынан белгиленет. Арбитраждык сот өзүнүн компетенциясына тиешелүү бардык маселелерди чечет жана Тараптардын ортосундагы кандай болбосун макулдашууларга карата өзүнүн жеке жол-жоболорун аныктайт. Жол-жобонун кайсы болбосун стадиясында арбитраждык сот Тараптарга талаш-тартышты сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечүүнү сунуштай алат. Бардык стадияларда арбитраждык сот Тараптарга ачык угууну камсыз кылат.
2. Арбитраждык сот өзүнүн чечимин көпчүлүк добуш менен кабыл алат. Чечим жазуу жүзүндө чыгарылат жана колдонулган иш жүзүндөгү жана мыйзамдуу негиздерден турат. Кол коюлган чечим ар бир Тарапка берилет. Арбитраждык соттун чечими акыркы жана Тараптар үчүн милдеттүү болуп саналат.
3. Ушул Макулдашуунун бөлүгүнө ылайык уюштурулган арбитраждык сот талаш-тартыш маселелерди ушул Макулдашууга, ошондой эле эл аралык укуктун колдонулган ченемдерине жана принциптерине ылайык чечет.
4. Ар бир Тарап арбитраждык териштирүүдө өзү дайындаган арбитрдин жана өзүнүн өкүлчүлүгүнүн чыгымдарын көтөрөт. Арбитраждык соттун төрагасынын чыгымдары, ошондой эле арбитраждык териштирүүлөрдү жүргүзүүгө байланышкан башка чыгымдар Тараптар тарабынан бирдей үлүштө жабылат.
3-бөлүм. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу процессин
жөнгө салуучу башка жоболор
17-берене. Талаш-тартыштарды үчүнчү тараптын каржылоосу
1. Талаш-тартыштарды үчүнчү тараптын каржылоосу деп талашып жаткан тарап болбогон кандай болбосун жеке же юридикалык жактын талаш-тартыштарды каржылоосу билдирилет, бирок териштирүүдө чыгымдардын бөлүгүн же бардыгын, анын ичинде талаш-тартыштын келип чыгышына жараша кайрымдуулук, грант, сый акы жана (же) сый акыга алмашуу жөнүндө кандай болбосун макулдашуулар жолу менен каржылоо максатында талашып жаткан тарап менен макулдашуу түзөт.
2. Талаш-тартышты үчүнчү тарап каржылаган учурда, мындай каржылоодон пайда алган талаш-тартыштын Тарабы экинчи Тарапка жана сотко же арбитражга каржылоо жөнүндө макулдашуунун фактынын болушун жана мүнөзүн, ошондой эле каржылоону жүргүзгөн үчүнчү тараптын аталышын жана дарегин ачыктайт.
3. Мындай кабарлоо доо берилген учурда же эгерде финансылык макулдашуу түзүлсө же болбосо доо берилгенден кийин субсидия же дотация берилсе – макулдашуу түзүлгөндөн кийин же болбосо субсидия же дотация берилгенден кийин токтоосуз жөнөтүлөт.
18-берене. Убактылуу биргелешкен комитет
1. Тараптар ушул Макулдашуунун аткарылышына мониторинг жана контролдоо жүргүзгөн ар бир Тараптын кызмат адамдарынан турган Убактылуу биргелешкен комитетти уюштурат. Убактылуу биргелешкен комитет Тараптардын макулдашуусу боюнча жыйналыштарды өткөрөт.
2. Убактылуу биргелешкен комитет ушул Макулдашуунун 1-бөлүгүнүн алкагында талаш-тартыш болгон учурда талашкан Тараптардын суроо-талабы боюнча же болбосо ушул Макулдашуунун 2-бөлүгүнүн жоболоруна ылайык Тараптардын ортосунда талаш-тартыш болгон учурда талашкан Тараптардын суроо-талабы боюнча ушул Макулдашууну карайт жана кайсы болбосун жоболоруна карата түшүндүрмө берет.
3. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык Убактылуу биргелешкен комитет Тараптардын максаттарына анын шайкештигин камсыз кылуу максатында, ушул Макулдашууну ар түрдүү мүмкүн болгон жакшыртууну, анын ичинде инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуунун ыңгайлуу жол-жоболорун берүүнү, ошондой эле негизсиз дооматтарды жоюу жана аларды берүүнүн алдын алуу үчүн натыйжалуу механизмдерди карайт.
4-глава. Корутунду жоболор
19-берене. Артыкчылыктардан баш тартуу
Алдын ала кабарлаган жана консультациялар жүргүзүлгөн шартта, ар бир Тарап башка Тараптын мамлекетинин инвесторуна жана анын инвестицияларына ушул Макулдашууда каралган артыкчылыктарын берүүдөн каалаган убакта баш тартууга укуктуу, эгерде:
– баш тартуучу Тарап мындай юридикалык жак түздөн-түз же кыйыр түрдө өзүнө же болбосо анын жарандарына же юридикалык жактарына таандык экендигин же алар тарабынан контролдонгондугун белгилесе;
– баш тартуучу Тарап инвестиция түздөн-түз же кыйыр түрдө үчүнчү мамлекеттин жарандарына же юридикалык жактарына таандык экендигин же алар тарабынан контролдонгондугун жана кабыл алуучу Тараптын аймагында маанилүү ишкердик ишти жүргүзбөгөндүгүн белгилесе;
– инвестиция негизинен ушул Макулдашууда каралган талаш-тартыштарды чечүү механизмдерин алуу максатында түзүлсө же кайра уюштурулса;
– инвестор кабыл алуучу Тараптын маанилүү жана улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирген ишти жүргүзсө;
– инвестиция дипломатиялык мамилелерди же транзакцияларды жүргүзүүгө тыюу салынган мамилени колдобогон режимди берүүдөн баш тарткан Тарап менен үчүнчү мамлекеттин жеке же юридикалык жактарына түздөн-түз же кыйыр түрдө таандык болсо жана алар тарабынан контролдонсо;
– инвестор ушул Макулдашуунун Тарабы болуп саналган мамлекеттин аймагында маанилүү ишкердик ишти жүргүзбөсө.
20-берене. Борбордук банктардын артыкчылыктарын жана иммунитеттерин сактоо
Ушул Макулдашуунун эч бир жобосу Тараптардын борбордук банктарына жана/же эл аралык макулдашууларга, конвенцияларга жана (же) ар кандай колдонулган укукка ылайык Тараптардын борбордук банктарына менчик укугунда жана (же) башка жол менен таандык болгон мүлккө берилген ар кандай иммунитеттерден, артыкчылыктардан же өзгөчөлүктөрдөн баш тартуу, чегинүү же башкача өзгөртүү катары чечмеленбөөгө тийиш.
21-берене. Жалпы өзгөчөлүктөр
1. Мындай чаралар учурдагы шарттарды эске алуу менен башка Тарапка же башка Тараптын инвесторлоруна карата өзүм билемдик менен же негизсиз басмырлоону билдирбеген ыкма же кабыл алуучу Тараптын аймагында башка Тараптын инвесторлорунун инвестицияларын жашыруун чектөө катары колдонулбаган шартта, ушул Макулдашууда эч нерсе Тараптын төмөнкү чараларды кабыл алуусуна же көрүүсүнө тоскоол болбойт:
1) коомдук жүрүм-турумду коргоо же коомдук укук тартибин сактоо үчүн зарыл болгон;
2) ден соолукту, айлана-чөйрөнү, адамдарды, жаныбарларды же өсүмдүктөрдү коргоо үчүн зарыл болгон;
3) көркөм, тарыхый же археологиялык баалуулуктун улуттук мүлкүн коргоо;
4) жаратылыш ресурстарын сактоо;
5) ушул Макулдашуунун жоболоруна каршы келбеген мыйзамдарды жана эрежелерди сактоо үчүн зарыл болгон, анын ичинде төмөнкүлөргө байланышкан:
а) алдамчылык же алдоо учурларын алдын алуу же инвестициялык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарбоонун кесепеттерин жоюуга;
б) жеке маалыматтарды иштетүүгө, жайылтууга жана жеке жазуулардын жана эсептердин купуялуулугун коргоого байланышкан, адамдардын жеке жашоосунун кол тийбестигин коргоого;
в) коопсуздукка.
2. Ушул берененин 1-пунктунун 1-пунктчасында аныкталган чаралар коомдун негизги кызыкчылыктарына чыныгы жана бир кыйла олуттуу коркунуч болгон учурларда гана колдонулушу мүмкүн.
22-берене. Коопсуздук боюнча өзгөчөлүктөр
Ушул Макулдашууда эч бир нерсе төмөнкүдөй чечмеленбөөгө тийиш:
– Тараптын ачыкка чыгарылышы анын олуттуу коопсуздук кызыкчылыктарына карама-каршы келет деп эсептеген ар кандай маалыматты берүү талабы; же
– Тараптын эл аралык тынчтыкты же коопсуздукту сактоо же калыбына келтирүү же өзүнүн негизги коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу үчүн зарыл деп эсептеген чараларды көрүүсүнө тоскоолдук кылуу.
23-берене. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу менен өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана ушул Макулдашуунун 25-беренесинде (Күчүнө кириши, колдонуу мөөнөтү жана колдонуунун токтотулушу) каралган тартипте күчүнө кире турган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
24-берене. Транспаренттүүлүк
1. Ар бир Тарап өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык өзүнүн мыйзамдарын, ченемдик актыларын, жол-жоболорун, жалпы колдонулуучу административдик чечимдерин жана соттук чечимдерин, ошондой эле өзүнүн аймагындагы башка Тараптын инвесторлорунун инвестицияларына таасирин тийгизе турган эл аралык макулдашууларды тез арада жарыялайт же башка жол менен жалпыга жеткиликтүү кылат.
2. Эгерде Тарап өзүнүн мыйзамдарында же башка расмий документтеринде көрсөтүлбөгөн, бирок ушул Макулдашуунун аткарылышына таасирин тийгизе турган саясаттарды киргизсе, аларды да тез арада жарыялайт же башка жол менен жалпыга жеткиликтүү кылат.
3. Ар бир Тарап экинчи Тараптын конкреттүү суроо-талаптарына тез арада жооп берет жана ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча талап кылынган маалыматтарды берет.
25-берене. Күчүнө кириши, колдонуу мөөнөтү жана колдонуунун токтотулушу
1. Ушул Макулдашуу Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол- жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашуу 10 (он) жылга күчүндө болот жана эгерде Тараптардын бири баштапкы же андан кийинки мөөнөт аяктаганга чейин бир жылдан кечиктирбестен экинчи Тарапка ушул Макулдашууну узартпоо ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу билдирбесе, ушул сыяктуу он жылдык мөөнөттөргө автоматтык түрдө узартылып турат.
Ушул Макулдашууну колдонуунун токтотулушу, эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, аны токтотуу күнүнөн тартып 10 (он) жыл аралыгында аны колдонуу мөөнөтүнүн ичинде ишке ашырылган инвестицияларга карата анын ишке ашырылышына таасирин тийгизбейт.
3. Ушуну күбөлөндүрүп, төмөндө кол койгондор, ага өздөрүнүн тиешелүү өкмөттөрү тарабынан тийиштүү түрдө ыйгарым укук берилгендер ушул Макулдашууга кол коюшту.
2026-жылдын «____» _________ _________ шаарында төрт нускада кыргыз, орус, англис жана француз тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун тексттеринин ортосунда айырмачылыктар болгон учурда, Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Тоголез Республикасынын Өкмөтү үчүн |
___________________________
|
|
___________________________
|