Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 22 апрелиндеги № 329 тескемеси менен жактырылган |
«Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү
киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
корутундусу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары – Министрлер Кабинети) «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.О. Акимбаева тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү
киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары – Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоорунда Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 91-беренесин товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөө бааларынын өсүшүнө байланыштуу эмгек акыны индексациялоону анын реалдуу мазмунун камсыз кылуу механизми катары бекиткен ченем менен толуктоо сунушталууда.
Ошол эле учурда Мыйзамдын долбоорунда уюмдарды каржылоо булактарына жараша эмгек акыны индексациялоо тартибин чектөө каралган. Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарда индексациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. Башка уюмдарда тиешелүү маселелер жамааттык келишимдер, макулдашуулар жана (же) иш берүүчүнүн локалдык ченемдик актылары менен жөнгө салынышы мүмкүн, бул эмгектик мамилелерди келишимдик жөнгө салуу принциптерине ылайык келет.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде индексациялоо маселелерин жөнгө салуучу түз ченем жок. Инфляциялык процесстердин жана товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын өсүү шарттарында эмгек акыны индексациялоонун бекитилген механизминин жоктугу кызматкерлердин реалдуу киреше деңгээлинин төмөндөшүнө, натыйжада алардын социалдык корголуу деңгээлинин төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.
Белгилей кетсек, мамлекет тарабынан системалуу негизде бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынын деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралар көрүлүп келет. Алсак 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу жана мамлекеттик башкаруу секторунда эмгек акыны түзүүнүн бирдиктүү моделин белгилөө боюнча иштер жүргүзүлдү.
Бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысынын деңгээлин жогорулатуу мамлекеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен эмгек акыны этап-этабы менен көбөйтүү жолу менен жөнгө салынат жана ишке ашырылат. Эмгек акыны жогорулатуунун өлчөмдөрү социалдык-экономикалык кырдаалды, анын ичинде инфляциянын деңгээлин жана товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын өсүшүн эске алуу менен кайра каралат, бул сунушталган ченемде каралган максаттарга иш жүзүндө жетүүгө багытталган.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин төртүнчү жана бешинчи абзацтарын: «Эмгек акыны индексациялоо тартиби республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржылануучу уюмдарды кошпогондо, жамааттык келишим, макулдашуулар жана (же) уюмдун локалдык ченемдик актылары менен аныкталат» деген редакцияда баяндоону максатка ылайыктуу деп эсептейт жана ушул сунушту эске алуу менен «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун колдойт.