Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-январы № 12/2
Депутаттардын VIII чакырылышынан шайланган, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-берененсинин негизинде, Кум-Дөбө айыл аймагында милициянын аймактык пунктуна жер бөлүп берүү боюнча Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын коомдук коопсуздугун камсыз кылуу максатында, милициянын аймактык пунктун курууга, Кум-Дөбө айылынын О.Алиев. көчөсүнүн түндүк тарабындагы муниципалдык жер аянтынан 0,06 (600м2) га жер тилкесин берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Ыбышов |