Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-январы № 12/3
Кара-Тоо айылынын жеке менчик турак жай куруу үчүн, жер участоктор менен камсыздоо программасын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VIII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34 беренесин жетекчилике алып, 2005-жылдын 6-майы N 177 “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 5-пунктуна ылайык Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата Кара-Тоо айылындагы жарандардын социалдык маселелерин канааттандыруу максатында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участоктор менен камсыздоо программасы бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин, айыл жана жер реформасы, айлана- чөйрөнү коргоо,курулуш байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана жер маселелери боюнча башкы адиси Н.Осмоновго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Ыбышов |