Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 320 токтомуна) Утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жана шарттары жөнүндө жобо 1-глава. Жалпы жоболор 1. Утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттарды сарптоо тартибин жана шарттарын аныктайт. Утилдештирүү жыйымынын каражаттары максаттуу багыты боюнча гана пайдаланылат жана калдыктар менен иштөө чөйрөсүндөгү программаларды ишке ашырууга, аларды чогултуу жана кайра иштетүү боюнча инфраструктуралык объекттерди түзүүгө жана өнүктүрүүгө, заманбап экологиялык коопсуз технологияларды киргизүүгө, ошондой эле уюштуруу жана маалыматтык иш-чараларды өткөрүүгө багытталат. Көрсөтүлгөн каражаттарды пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык ачыктык, натыйжалуулук, максатка ылайыктуулук жана отчеттуулук принциптеринде жүзөгө ашырылат. 2. Бул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат: 1) утилдештирүү жыйымы боюнча оператор (мындан ары – РОП оператору) – Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык утилдештирүү жыйымын чогултууну жана башкарууну жүзөгө ашыруучу жана товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүүнү камсыз кылуучу юридикалык жак; 2) утилдештирүү жыйымы – товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүүнүн ченемдерин аткарууну камсыз кылуу үчүн төлөм – үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоочу же Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товарларды ташып киргизүүчү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында товар өндүрүүчү юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер тарабынан төлөнөт. Утилдештирүү жыйымы Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык салыктык эмес киреше болуп саналат. 3. Утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттар Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешелерине чегерилүүгө тийиш. Утилдештирүү жыйымынын каражаттары бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын казыналык системасындагы айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өзүнчө атайын эсебинде эсепке алынат жана андан ары РОП операторунун уставында жана ушул Жободо белгиленген максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн анын алыш-бериш эсебине которулат. 4. Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын атайын эсебинде калган РОП операторунун акча каражаттары өз багытын сактап калат, республикалык бюджеттин кирешесине алынбайт жана максаттуу багыты боюнча пайдаланылат. 2-глава. Утилдештирүү жыйымынын каражаттарынын булактары 5. Калдыктарды башкаруу системасын өнүктүрүүгө жана утилдештирүү жыйымынын каражаттарын натыйжалуу пайдаланууга багытталган иш-чараларды каржылоонун булактары болуп «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 7-бөлүгүндө каралган товарларды өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын төлөмдөрү саналат. 6. Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган акча каражаттары атайын эсепке келип түшкөн учурдан тартып, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте акча каражаттарын РОП операторунун алыш-бериш эсебине которот. 7. Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мониторинг жана талдоо жүргүзүү үчүн, анын ичинде автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу түшкөн кирешелердин жалпы көлөмү жөнүндө маалыматты РОП операторуна жиберет. 3-глава. Утилдештирүү жыйымынын каражаттарын эсепке алуу жана сарптоо |