Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-январы № 12/4
Кум-Дөбө айыл аймагындагы жаңы конуштагы көчөлөргө ат коюу боюнча элдик жыйындын протоколдорун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VIII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары "Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамынын жана КР Өкмөтүнүн 2025-жылдын 25-март №149 токтому менен бекитилгенКыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө ЖОБОнун негизинде, Кум-Дөбө айылынын жалпы элдик чогулуштарынын протоколдору менен таанышып жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айылынын элдик чогулушунун чечимине ылайык, Кум-Дөбө айылындагы “Төрт-Күл”учатогундагы жайгашкан 1-көчө “Атыш ата”атындагы көчө деп аталсын.
2. Кум-Дөбө айылынын элдик чогулушунун чечимине ылайык, Кум-Дөбө айылындагы“Тегирмен”учатогунда жайгашкан 1-көчө “Адамалы ата ”атындагы көчө деп аталсын.
3. Кум-Дөбө айылынын элдик чогулушунун чечимине ылайык, Кум-Дөбө айылындагы“Тегирмен”учатогунда жайгашкан 2-көчө “Каттообек Дүйшекеев” атындагы көчө деп аталсын.
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан, каттоодон өткөрүү жагы жер адиси Н.Осмоного милдеттендирилсин.
Төрага | К. Ыбышов |