Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 25-февралы № 13/1
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышын, 2026-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2027-2028- жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2026-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2027-2028-жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча финансы-экономикалык жана социалдык онуктуруу болумунун башчысы Дур уулу Улуктун отчётун, айылдык кенештин экономика, бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:
1.Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелер тармагынын аткарылышы51 142,2 мин сомго, чыгашалар тармагы 55 307,9 мин сом өлчөмүндө аткарылганы бекитилсин.
2.2026-жылга Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 39 055,0 мин сом, мунун ичинен жергиликтүү салыктан түшүүчү кирешелер 39 055,0 мин сом, теңдештирүү грант 14 358,7 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2026-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелери теңдештирүүчү гранттардан жана жергиликтүү бюджеттен түшө турган кирешелеринин эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
Подох. салыгы- 17 295,6 миң сом
Патент салыгы- 348,5 миң сом
Кыймылсыз мүлккө салык- 82,4 миң сом
Огород салык- 700,8 миң сом
Айыл чарба эмес багыттагы салык- 650,0 миң сом
Роялти- 851,5 миң сом
Лицензия- 200,0 мин сом
Жайыт акысы- 800,0 миң сом
ФПС аренда акысы- 650,0 мин сом
Тазалык жыйым - 17,5 мин сом
Атайын каражат- 2820,0 миң сом
Отчисление на развитие 280,0 мин сом
Баары - 24 696,3 миң сом
- теңдештирүүчү грант- 14 358,7 мин сом.
Жалпысы- 39 055,0 мин сом.
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга чыгымдар бөлүгү:
- башкаруу аппаратына- 25 658,0 мин сом.
- агартуу тармагына- 7 512,7 мин сом
- маданият тармагына- 5 084,3 мин сом.
-жайыт- 800,0 мин сом.
Баары- 39 055,0 мин сом өлчөмүндо бекитилсин.
3.Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2027-жылга болжолдуу бюджетинин долбоору киреше бөлүгү 42 446,7 мин сом жана чыгымдар бөлүгү 42 446,7 миң сом суммасында, ошондой эле 2028-жылга киреше бөлүгү 45 453,7 миң сом жана чыгымдар бөлүгү 45 453,7 иң сом суммасында бекитилсин.
4.2026-жылдын киреше бөлүгүнүн бардык түрүнүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы салык инспектор А.Касмалиеваларга, Кум-Добо МИ жетекчиси Б.Мондурбаевге тапшырылсын.
5.Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго жана финансы-экономикалык жана социалдык онуктуруу болумунун башчысы Дур уулу Улука милдеттендирилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү комитетине тапшырылсын.
Төрага | К. Ыбышов |