Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 22-апрели № 2/1
З. Кайназарова атындагы айыл аймактын Жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү жамааттарга усулдук жардам көрсөтүү, алардын ишмердүүлүгүнүн уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекемдөө, жергиликтүү жамааттардын уставдарын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 12-пунктун жетекчиликке алып З. кайназарова атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү жамааттардын Типтүү уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү жамааттардын Типтүү уставын бекитүүнү мыйзамдаштыруу жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы У.Э. Асанкановго, жана айыл өкмөтүнүн юристине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |