Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-майы № 328
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 176 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик дарылоо мекемелеринин ишин андан ары өркүндөтүү жана калкты жеткиликтүү баадагы дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 176 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 19-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«– өкүлчүлүктөрдү жана филиалдарды ачууга;».
– 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«23. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орундары каралган.
Директордун орун басарлары мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басарлары Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга катышат, директордун жана директордун орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык аларга жүктөлгөн, бекитилген ыйгарым укуктардын алкагында Ишкананын ишин жетектейт.»;
– 24-пунктта:
– биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«24. Ишкананын директорунун орун басарлары төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн:»;
– бешинчи абзацтагы «орун басарын» деген сөздөр «орун басарларын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– расмий тилде 25-пункттагы «заместителя», «заместителей» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «заместителей», «заместителям» деген сөздөргө алмаштырылсын;