Загрузка документа…
Айылдык кеңештин
ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-январы №1
Кеңеш айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги көмүр базасы үчүн берилген жердин ижара акысын бекитип берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренсине жана КРнын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 34, 39-беренелерине таянып, Кеңеш айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги көмүр базасы үчүн берилген жердин ижара акысын бекитип берүү тууралуу туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кеңеш айыл аймагындагы Ак-терек айылында жайгашкан муниципалдык менчиктеги көмүр базасы үчүн берилген 12.72 га жер аянтынын 1 гектарынын ижара акысы бир айга 70 000 (жетимиш миң) сом деп бекитилсин.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Шадыбекова токтомду каттоого алсын жана токтомдун бир нускасы ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Исабаева Орозгүлгө тапшырылсын.
тѳрага: | О.С.Абдырахманов |