Загрузка документа…
Айылдык кеңештин
ТОКТОМУ
2026-жылдын 31-январы №2
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышын, 2026-жылга жергиликтүү бюджетин долбоорун жана 2027-2028-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин 78-беренесине ылайык, КРнын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 34, 39-беренелерине таянып, Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышын, 2026-жылга каралган айылдык бюджетин долбоорун жана 2027-2028-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин «бюджет,экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган корутундусун угуп жана талкуулап Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин кирешелери 34 467,7миң сомго жана чыгашалары 34 104,9 миң сомго аткарылганы белгиленип, 2026-жылга айылдык бюджеттин долбоору 32525,6 миң сом өлчөмүндө жактырылып, 2026-жылга айылдык бюджеттин кирешелери жана чыгашалары тактоолор, толуктоолор менен тиркемеге ылайык бекитилсин. (1-тиркеме тиркелет)
2. Балдар бакчаларындагы ата-энелерден түшүүчү взностор, базар бааларынын жогорулагандыгына байланыштуу 159,6 миң сом акча каражаты кошумча такталсын. (2-тиркеме тиркелет)
3. Кеңеш айыл аймагында зоналдык коэфициент К-1-1,2; өлчөмүндө бекитилсин.
4. Кеңеш айыл өкмөтү боюнча 2026-жылга карата физикалык тараптардан алынуучу тамарка салыгынан 974 кожолуктун 127,83 га жер аянтына 153396 сом өлчөмүндө жеңилдик берилсин.
5. Таштанды ташып чыгаруу жыйымынын ставкасы 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Айыл аймагында турак жай, турак жай эмес, тамарка салыгы, айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы,1-2-3 группадагы мүлк салыгы киргизилсин.
7. Айыл аймагындагы бюджеттик мекеме ишканалардын жылытуу системасынын жаңылангандыгына жана жаңыдан кирген объектилерди эске алып, сатып алган көмүрдүн жалпы көлөмү 287 тоннага бекитилсин.
8. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2026-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
9. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2027-2028-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү колдоого алынсын. Кирешенин болжолу 2027-жыл 34783,6 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 7852,6 миң сом менен) 2028-жылга 37252,6 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 7852,6 миң сом менен) белгиленсин. (№3,4 – тиркеме тиркелет).
10. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2027-2028-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин.
11. Кеңеш айыл аймагындагы бюджеттик мекеме-ишканалардын электр энергиясынын лимити 520 мквт/ саат деп бекитилсин
12. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү Финансы министирлигинин планына киргиздирип берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин жана толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.
13. Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
14. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу:- Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ;
– ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө; -киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;
15. 2026-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткаруудан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешке ыйгарылсын
16. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
17. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
18. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Шадыбекова токтомду каттоого алсын жана токтомдун бир нускасы ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
19. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
20. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин бюджет,экономика,муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Исабаева Орозгүлгө тапшырылсын.