Загрузка документа…
Айылдык кеңештин
ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-марты №3
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча АӨ башчысынын отчёту, 2025-жылдын бюджетинин ашкан калдыгын 2026-жылга карата бөлүштүрүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин 78-беренесине ылайык, КРнын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 34, 39-беренелерине таянып, Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактык СЭӨПнын, калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу АӨ башчысынын отчётун жана 2025-жылдын бюджетинин ашкан калдыгын 2026-жылга карата бөлүштүрүү тууралуу маселелерди Депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин «бюджет,экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган корутундусун угуп жана талкуулап Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактык СЭӨПнын, калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу АӨ башчысынын отчёту канаттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан 2893,5 миң сом акча калдыгын 2026-жылга карата бөлүштүрүлүп бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3. Бөлүнгөн акчаны каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Шадыбекова токтомду каттоого алсын жана токтомдун бир нускасы ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет
7. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин бюджет,экономика,муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Исабаева Орозгүлгө тапшырылсын.
тѳрага: | О.С.Абдырахманов |