Загрузка документа…
Айылдык кеңештин
ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-марты №4
Кеңеш айыл өкмөтүнүн “ 2026-жылга карата Калкты социалдык жактан коргоо жөнүндө” программасын бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, ошондой эле «социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат” боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн “2026-жылга карата Калкты социалдык жактан коргоо жөнүндө” программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл өкмөтү ушул токтомдо көрсөтүлгөн программаны ишке ашырууну камсыздасын жана 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө айылдык кеңешке отчет берилсин.
3. Бул токтом тиркемелери менен айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Шадыбекова токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча” туруктуу комиссиянын төрагасы Орозмамат кызы Айганышка тапшырылсын
тѳрага: | О.С.Абдырахманов |