Загрузка документа…
Айылдык кеңештин
ТОКТОМУ
2026-жылдын 06-апрели №5
Проспектерди, аллеяларды, аянттарды, айылдык сейил бактарын, бульварларды, көчөлөрдү, чолок көчөлөрдү жана муниципалдык объекттерди атоо жана кайра атоо тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу
“Географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана КРнын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 34, 39-беренелерине таянып, ошондой эле «жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо архитектура, курулуш, таранспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Проспектерди, аллеяларды, аянттарды, айылдык сейил бактарын, бульварларды, көчөлөрдү, чолок көчөлөрдү жана муниципалдык объекттерди атоо жана кайра атоо тартиби жөнүндө” жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл өкмөтү «Проспектерди, аллеяларды, аянттарды, айылдык сейил бактарын, бульварларды, көчөлөрдү, чолок көчөлөрдү жана муниципалдык объекттерди атоо жана кайра атоо тартиби жөнүндө” жобонун аткарылышын камсыз кылышсын.
3. Бул токтом тиркемелери менен айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Шадыбекова токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо архитектура, курулуш, таранспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жороев Бактыбек Насиркуловичке жүктөлсүн
тѳрага: | О.С.Абдырахманов |