Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон Шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги XVI сессиясынын
2026-жылдын 2-апрелиндеги № 13
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз IX-сессиясынын №5-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесин жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин Регламентинин 34-беренесин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы “муниципалдык менчикти башкаруу” боюнча департаментинин жетекчиси А.Маматкалыковдун 03.02.2026ж. №01-4/43 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз IX-сессиясынын №5-токтомунун 1-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин.
2.Базар-Коргон шаарынын Разия участкасына мечит куруу үчүн 3-02-03-0027-0257 сыр белгиси менен 600,0 чарчы метр жер тилкеси катталган Б.Т. Тохтахуновдун ордуна Базар-Коргон шаарына караштуу Мирзалиев көчөсүнүн тургуну Хожибаева Дилдора Юнусжановнага таандык 3-02-03-0027-0257 идентификациялык сыр белгиси жана Ч №864988 сандуу мамлекеттик актысы менен катталган 600,0 чарчы метр жер тилкесин өз ыктыяры менен муниципалдык менчик реестрине тиркемеге ылайык алынсын. Тиркеме №1 тиркелет
3.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Т.С.Исаевге жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д. Юсуповго милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков |