Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясынын
2026-жылдын 23-январы №3
Өнүгүү программаларын жана пландарын (социалдык экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын) эсепке алуу менен 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин такталган долбоорун бекитүү
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2 - главасынын 2.1 - пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү жалпы 125914,5 (жүз жыйырма беш миллион тогуз жүз он төрт миң беш жүз) сом суммасында, мунун ичинен бюджеттин киреше бөлүгүнө 119324,2 ( жүз он тогуз миллион үч жүз жыйырма төрт миң эки жүз) сом, ал эми атайын каражатка 6590,3 (алты миллион беш жүз токсон миң үч жүз ) сом суммасында №1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2026 -2027- 2028 - жылдарга Каргалык айыл өкмөтүнүн консолидацияланган бюджетинин болжолу №2- тиркемеге ылайык жактырылсын.
2026-жылга 125914,5 (жүз жыйырма беш миллион тогуз жүз он төрт миң беш жүз) сом суммасында,
2027-жылга 140984,9 (жүз кырк миллион тогуз жүз сексен төрт миң тогуз жүз) сом суммасында,
2028-жылга 157462,9 (жүз элүү жети миллион төрт жүз алтымыш эки миң тогуз жүз) сом суммасында.
3. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү №3-тиркемеге ылайык салык жана салык эмес төлөмдөрү, трансферттер жана башка кирешелер боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоого каражаттары тармактар жана мекемелер боюнча ведомстволук жана экономикалык классификацияларга 119324,2 ( жүз он тогуз миллион үч жүз жыйырма төрт миң эки жүз) сом, атайын каражат 6590,3 (алты миллион беш жүз токсон миң үч жүз ) сом суммасында такталган №4 - тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Каргалык айыл өкмөтүнө караштуу башкаруу тармагынын 2026 - жылга карата 11 (он бир) муниципалдык кызматкер штаттык бирдик түзүмү, техникалык жана кенже тейлечүү персонал 4 (төрт) штаттык бирдик түзүмү,айылдык кеңештин жооптуу катчы 1(бир) штаттык бирдик түзүмү, ыйгарым укуктуу экономист-статист 1(бир) штаттык бирдик түзүмү, (контракт) 6 (алты) штаттык бирдик түзүмү, маданият тармагынын клуб кызматкерлеринин 6 (алты) штаттык бирдик түзүмү, китепкана кызматкерлеринин 7 (жети) штаттык бирдик түзүмү №5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2026 - жылдын бюджетинен айылдык кеңешке жана айыл өкмөткө келип түшкөн кайрылуулардын негизинде № 6-тиркемеге ылайык 26566,9 (жыйырма алты миллион беш жүз алтымыш алты миң тогуз жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилгендиги белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16- май 2016-жылдагы №60 «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси» жөнүндөгү мыйзамдын 1-бөлүмүнүн 24-беренесине ылайык бир жарым пайыз өлчөмүндө 1789,8 (бир миллион жети жүз сексен тогуз миң сегиз жүз) сом айыл өкмөт башчысынын учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону талап кылган күтүлбөгөн чыгашаларды каржылоо үчүн резервдик фондуна бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндөгү» 24-май 2018-жылдагы №54 Мыйзамынын 18-беренесинин 2-пунктуна ылайык, 600,0 (алты жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражаты өзгөчө кырдаалдардын алдын - алуу боюнча иш-чараларды координациялоого жана жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча чыгымдарды каржылоо үчүн каралсын.
9. Резерв фондунун жобосун иштеп чыгып, кезектеги сессияга сунуштоо жагы айыл өкмөт башчысы М.Ж.Олжотоевге милдеттендирилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаровдун 2024 - жылдын 12 - февралындагы №31 - 5 жана 2024 - жылдын 27 - февралындагы №20-02 протоколдорун эске алуу менен Каргалык айыл аймагынын 2026-2030-жылдарга социалдык экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын иштеп чыгып, кезектеги сессияга сунуштоо жагы тапшырылсын.
11. Жайыт комитетинин 2026-жылга планы 1000,0 (бир миллион) сом өлчөмүндө бекитилсин.
12. Муниципалдык ишкана тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтардын тарифтерин (таза суу,турмуш-тиричилик катуу калдыктарын чогултуу,ташып чыгаруу жана жок кылуу) жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча планды, жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын иштеп чыгып, кезектеги сессияга сунуштоо жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
13. Каргалык айыл аймагына караштуу жолдорду ысык асфальттоо иштерине байланыштуу смета-проект коммерциялык тиркемелердин негизинде түзүү жагы милдеттендирилсин.
14. Коомчулуктан жана айыл өкмөттүн аппаратынан келип түшкөн кайрылуулар жана областтык, райондук фонддор жана башка ар кандай долбоорлорду өткөрүүгө керектелүүчү өздүк салымдар өз убагында каржыланып туруусу ФЭБ башчысы Г.Э.Өзүкановага жана айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
15. Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги V сессиясынын №22 токтомунун 14-пунктунда 2025-жылдын бюджетинин долбоорунда көрсөтүлгөн Ыдырыс Кадыркулов көчөсүнүн аллеясы, Чет - Булак айылындагы парк, Кара - Суу айылындагы таза суусун, Казарман айылындагы борбордук парктын айланасын тосууга керектүү долбоорлор 2025-жылдын 1-кварталына даярдалып, 2025 - жылдын 1- сентябрына чейин куруп бүткөрүү жагы жана ошондой эле Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагына курулуучу жаңы имараттарды , жолдордун тротуарлардын жана башка долбоорлордун даярдалышы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилгендигине карабастан, бүгүнкү күнгө чейин толугу менен аткарууга алынбагандыгы белгиленсин, тез аранын ичинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөт М.Ж.Олжотоевге тапшырылсын.
16. 2026-жылдын бюджетинин долбоорунда көрсөтүлгөн Каргалык айыл өкмөтүнүн имаратын куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жолдор, аллея, ар кандай фондондорго жана башка проектилерге сунушталуучу курулуштардын смета - проектилерин 1- апрель 2026- жылга чейин бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Ж.Олжотоевге милдеттендирилсин.
17. Бүгүнкү күндө, бүткөрүлгөн курулуш иштер ар кандай белгисиз себептерден улам кабыл алынбай турган ( парк, спорт зал, музыкалык залы жана башка), объектилерди 1-апрель 2026- жылга чейин кабыл алуу жана бирдиктүү рээстирге киргизүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Ж.Олжотоевге тапшырылсын.
18. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча (көмүр,суу,телефон байланышы жана башка) жүргүзүлсүн.
19.Бул токтомду аткаруу жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Э.Өзүкановага жана айыл өкмөт башчысы М.Ж.Олжотоевге милдеттендирилсин.
20. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
21. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.И.Токтоболотов |