Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №18 - КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-апрель №121
Видеобайкоолорду орнотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын «Сырткы видео байкоо жөнүндө» жана «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында Оргочор жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Оргочор айыл аймагында заманбап видео байкоо камераларын орнотуу иштери өзгөчө актуалдуу болуп санаган жана бүгүнкү күндө коомдук жайларда, көчөлөрдө, билим берүү мекемелеринде жана эл көп топтолгон аймактарда коопсуздукту камсыз кылууда видео байкоо системаларынын ролу абдан чоң экени эске алынсын.
2. Укук бузуулардын алдын алууга, кылмыштуулукту азайтууга жана ыкчам чара көрүүгө шарт түзүүгө максатында эл көп топтолгон жай болуп саналган ар бир айылдагы жума намаз өтүүчү мечиттериге видеобайкоо камералары орнотулсун жана жума өтүүчү мечиттердин тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мечиттерге коюлган видеобайкоонун ай сайын байланышын камсыздоо жагы Жети-Өгүз райондук Хатибиятына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын
5. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Н.Жусуповго жана көзөмөлдөө жагы финансы пландоо, бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жана сырттан келген инвестицияны көзөмөлдөө маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков