Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №18 - КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-апрель №122
обьектиге «Сарт акенин журтундагы асыл ташы» атындагы туристик комплекс деп атоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, аймактын туристтик потенциалын жогорулатуу, тарыхый инсан Сарт акенин ысымын түбөлүккө калтыруу жана калктын эс алуусу үчүн шарттарды түзүү максатында, Чоӊ-Кызыл-Суу айылынын айыл тургундарынын протоколунун негизинде Оргочор айыл өкмөт башчысынын орун басары К.Искаковдун сунушун карап чыгып, Оргочор жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Чоӊ-Кызыл-Суу айылынын Ак—Таш жайлоосундагы нефрит ташы жайгашкан обьектиге «Сарт акенин журтундагы асыл ташы» атындагы туристик комплекс деп аталсын.
2. Оргочор айыл өкмөт башчысына:
· Аталган эс алуу жайын тийиштүү мамлекеттик каттоо органдарынан каттоодон өткөрүү жагын камсыздасын;
· Эс алуу жайын жашылдандыруу, жарыктандыруу жана тазалыкты сактоо иштерин уюштурсун;
· Инвесторлорду жана демөөрчүлөрдү тартуу менен заманбап инфраструктураны (отургучтар, балдар аянтчасы, тарыхый бурчтар) түзүү ишин колго алсын.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын
4. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Н.Жусуповго жана көзөмөлдөө жагы финансы пландоо, бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жана сырттан келген инвестицияны көзөмөлдөө жана айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков