Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №18 - КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-апрель №123
Оргочор айыл аймактын жергиликтүү жамаатынын
Уставын бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү жамааттарга усулдук жардам көрсөтүү, алардын ишмердүүлүгүнүн уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекемдөө, жергиликтүү жамааттардын уставдарын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, Агенттик тарабынан 2026-жылдын 17-мартында № 01-25/78 “Жергиликтүү жамааттардын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө” буйругу угулуп жана талкууланып жергиликтʏʏ кеӊеши токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө” 2022-жылдын 12-декабрындагы № 279 буйругу күчүн жоготкондугу эске алынсын.
2. Агенттик тарабынан 2026-жылдын 17-мартында № 01-25/78 “Жергиликтүү жамааттардын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө” буйругунун негизинде, Оргочор айыл аймактын жергиликтүү жамаатынын Уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бекитилген Уставга ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Жусуповго милдеттендирилсин.
4. Оргочор жергиликтүү кеӊешинин 2025-жылдын 29-январындагы №17 Оргочор айыл аймактын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндөгү токтом күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө алуу жагы жергиликтүү кеңешинин “Социалдык маселер, маданий өнүгүү, укук жана спорт маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков
№1 тиркеме
Оргочор жергиликтүү
кеңешинин 2026-жылдын
08-апрелиндеги №123 токтому
менен бекитилди
Оргочор айыл аймагынын
жергиликтүү жамааттын
Биз, Оргочор айыл аймагынын жергиликтүү жамааты, өз аймагыбызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен өзүбүздүн территориябыздагы жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, айыл аймагыбызды/шаарыбызды өнүктүрүүнү максат кылып; жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.
1. Жалпы жоболор
1.1. Шаардын, айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы — жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештин токтому менен бекитилген, жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун, мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишин жөнгө салган негизги документ.
1.2. Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү жамааттын ички жашоосунун негизги принциптерин, мүчөлөрүнүн укук-милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелерин, анын ичинде бюджеттик процесске катышуусун аныктайт.
1.3. Устав Оргочор айыл аймагында бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн аткарууга милдеттүү.
2. Негизги түшүнүктөр
Жергиликтүү жамаат - айыл аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары.
Жергиликтүү маанидеги маселелер - жергиликтүү жамааттын жашоосуна тиешелүү маселелер.
Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар - мамлекеттик органдардан жергиликтүү өз алдынча башкарууга берилген айрым ыйгарым укуктар.
Демилгелүү топтор — жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан түзүлгөн ыктыярдуу бирикмелер (элдик демилге, көйгөйдү чечүү, чогулуш/жыйындарды өткөрүү топтору).
Муниципалдык менчик — жергиликтүү өз алдынча башкаруунун менчиги жана киреше булагы.
Жергиликтүү ченем чыгаруу демилгеси — жергиликтүү актыларды сунуштоо, ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу.
Жарандардын чогулушу/жыйындары, коомдук угуулар, муктаждыктарды иликтөө — жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо жана чечүү формалары.
3. Шаардын/Айылдык аймактын территориясы
3.1. Административдик-аймактык чек аралардын ичинде жайгашкан жерлерди өзүнө камтыйт.
3.2. Айылдык аймактын территориясы төмөндөгү айылдарды өзүнө камтыйт: