Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №18 - КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-апрель №125
“Сарт акенин журтундагы асыл ташы” атындагы туристик комплекске кирүү акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Туризм жөнүндө", Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамына, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына жана аймактын экологиялык абалын сактоо, инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле жергиликтүү бюджетти толуктоо максатында Оргочор жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Тарыхый баалуулук мурас катары пайдалануу максатында Нефрит ташы жайгашкан “Сарт акенин журтундагы асыл ташы” атындагы туристик комплекске кирүү үчүн бир жолку акы төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
· Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн (бир адамга)— 100 (бир жүз) сом;
· Чет өлкөлүк жарандар үчүн (бир адамга)— 200 (эки жүз) сом;
· Аймактан тышкаркы мектеп окуучуларына (бир адамга) – 50 (элүү) сом.
2. Төмөнкү категориядагы жарандар үчүн кирүү акысыз (жеңилдетилген) деп белгиленсин:
· Улуу Ата Мекендик согуштун, Афган, Баткен, Тажик ардагерлери;
· 1, 2жана 3 топтогу майыптыгы бар тараптар;
· Оргочор айыл аймагынын тургундарына жана 10 жашка чейинки балдарга
3. Айыл өкмөт башчысы Н.Жусуповго:
- Кирүү акысын чогултуу үчүн атайын кассалык түйүндөрдү жана фискалдык чек берүүчү аппараттарды орнотууну уюштуруу;
- Чогултулган каражаттардын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана аларды максаттуу (жолдорду оңдоо, аймакты тазалоогож.б.) жумшоо милдеттендирилсин.
4. Тиешелүү маалымат такталары (кыргыз, орус жана англис тилдеринде) объекттин кире беришине орнотулсун.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын
6. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Н.Жусуповго жана көзөмөлдөө жагы финансы пландоо, бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жана сырттан келген инвестицияны көзөмөлдөө маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков