Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №18 - КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-апрель №130
Мурдагы Ак-Шыйрак айыл аймагынын Ак-Шыйрак топоз мал чарбасын Оргочор айыл аймагынын карамагына өткөрүү жана кайра уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасында жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын (ААР) алкагында жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына ылайык, мурдагы Ак-Шыйрак айыл аймагы Оргочор айыл аймагына кошулгандыгына байланыштуу, топоз чарбачылыгын натыйжалуу башкаруу максатында, Оргочор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мурдагы Ак-Шыйрак айыл аймагы тарабынан түзүлгөн «Ак-Шыйрак» топоз мал чарбачылыгы бардык активдери, мал башы, жайыттары жана чарбалык курулуштары менен бирге Оргочор айыл аймагынын карамагына өткөрүлсүн.
2. Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысына:
· Чарбанын уставдык документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Юстиция органдарынан кайра каттоодон өткөрүү;
· Чарбанын аталышын «Оргочор» топоз мал чарбасы (муниципиалдык ишкана же мекеме катары) деп өзгөртүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылсын.
3. Мурдагы Ак-Шыйрак айылдык кеңешинин 2024- жылдын № 63 «Ак-Шыйрак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө “Ак-Шыйрак топоз” муниципалдык ишканасынын атын өзгөртүп, кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Оргочор жергиликтүү кеңешинин 2025-жылдын 13- август № 62 “Ак-Шыйрак айылындагы “Кой” жана “Топоз” чарбасын “МТАА Агро МТС” муниципалдык ишканасына кошуу жɵнүндɵ” токтомунун 1,2 пункту күчүн жоготту деп табылсын.
5. Топоздордун санын, чарбалык шаймандарды жана имараттарды кабыл алуу-өткөрүү боюнча атайын комиссия түзүлсүн. Комиссия толук инвентаризация жүргүзүп, актыларды бекитсин.
6. Топоз чарбасында иштеген кызматкерлердин жана кайтаруучулардын (чабандардын) эмгек келишимдери сакталсын жана жаңы түзүмгө ылайык кайра түзүлсүн.
7. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысына, финансы пландоо, бюджеттин аткарылышын жана сырттан келген инвестицияны көзөмөлдөө жана айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков