Загрузка документа…
Айылдык кеңештин
ТОКТОМУ
2026-жылдын 06-апрели №6
“Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” жана “Муниципиалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө” Жоболорду бекитүү тууралуу
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, ошондой эле «бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. “Муниципиалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө” Жобосу 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Айыл өкмөтү ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн жоболорду ишке ашырууну камсыз кылсын.
4. Бул токтом тиркемелери менен айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын
5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Шадыбекова токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Исабаева Орозгүлгө тапшырылсын.
Тѳрага: | О.С.Абдырахманов |