Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-январы №3
Кара-Кой Калдай айылын “Этно-айыл” кылып өнүктүрүү максатында долбоорун даярдоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн региондорду өнүктүрүү саясатына ылайык, Кара-Кой Калдай айылынын туристтик, маданий жана экономикалык потенциалын жогорулатуу максатында, Т.Зулпуев айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Кара-Кой Калдай айылын “Этно-айыл” кылып өнүктүрүү боюнча долбоорду даярдоого макулдук берилсин.
2. Тиешелүү мамлекеттик органдар, инвесторлор жана донордук уюмдар менен кызматташуу, улуттук салт-санааларды, кол өнөрчүлүктү, этнографиялык элементтерди камтыган долбоордук сунуштарды даярдоо, долбоорду каржылоо булактарын аныктоо жагы Т. Зулпуев айыл аймагынын башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин мамлекеттик мыйзам дин, укук, депутаттык этика, маданий каада салттар жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага | М.Бакиров |