Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 12-августундагы № 3
“Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2025-жылдын II-жарым жылдыгына карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын №59 Бюджеттик кодексинин 78-беренесине, 115-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Базар-Коргон шаарынын депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын XI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаар мэриясынын ФЭБнүн башчысынын берген билдирүүсүнүн негизинде 2025-жылдын II-жарым жылдыгына карата жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй отургузулсун.
а) 70629 -разделдин 3111-статьясына -1800,0 миң сомго
б) 70629 -разделдин 2511-статьясына -2188,0 миң сомго
Жалпысы болуп 3988,0миң сом акча каражаты жогоруда көрсөтүлгөн разделдин элементтеринен кыскартылсын.
а) 70111-разделдин 2215-статьясына +1906,0 миң сомго
б) 70629-разделдин 3111-статьясына +800,0 миң сомго
в) 70629-разделдин 3112-статьясына +1282,0миң сомго
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков
|