Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-январы №4
Айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу
Айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022 жылдын 19-сентябрындагы № 329-НИ буйругунун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 - мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т. Зулпуев айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмү төмөнкүдөй белгиленсин.
Кайрак айдоо жерлерин гектарына эсептөө:
АР = 62,3*16,05=1000сом I категория
АР = 62,3*10,0 = 623 сом II категория
АР = 62,3* 5= 311,50 III категория
Сугат айдоо жерлерин гектарына эсептөө:
АР = 413*30 = 12 390 сом I категория
АР = 413*20 = 8260 сом II категория
АР = 413* 10= 4130сом III категория
2. Тиешелүү иш кагаздарын, документтерин даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Бакиров |