КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН III КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 28-апрели № 3/2
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган, кепилденген иштөө мөөнөтү бүткөн техникаларды аукционго коюуга макулдук берүү жөнүндө.
Муниципалдык менчик объектерин башкаруу тартиби жөнүндө жобогоылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган, Калинин айылындагы Т.Адыранов атындагы жалпы билим берүү мектебиндеги “КАВС 3270” катто номери NА 1398 автобусун “Яппи М” жоопкерчилиги чектелген коомунун чыгарган баалоо тууралуу бүтүмүнө ылайык техниканы аукционго чыгарууга макулдук берилсин.
- К.Карпеков атындагы жалпы билим берүү мектебиндеги керектен чыккан инвентарларын жокко чыгарууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
- Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.