Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 12-августундагы № 5
“Базар-Коргон шаарынын “Футбол клубу Базар-Коргон Сити” муниципалдык футбол клубун ачуу боюнча Уставын бекитип берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-декабрындагы “2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү” жөнүндөгү №354 Президентинин Жарлыгына ылайык, Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевдин 06.08.2025-жылкы чыгыш 01-28/2195 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын XI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Базар-Коргон шаарынын “Футбол клубу Базар-Коргон Сити” муниципалдык футбол клубун ачуу боюнча Уставын бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Жалиловго милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков
|