Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 12-августундагы № 6
“Базар-Коргон шаарына караштуу Сай-Коргон айылынын Жаңы-Турмуш 2 конушуна Шеркулов Асандын атын коюу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августунда №467 сандуу токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эске алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобонун 10,11,12-пунктарын аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэринин орун басары Н.Ж.Ашимовдун 11.08.2025-жылкы чыгыш №01-28/2261 сандуу сунушуна жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,регламент жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын XI – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарына караштуу Сай-Коргон айылынын Жаңы-Турмуш 2 конушундагы аты жок көчөгө Социалдык Эмгектин Баатыры Шеркулов Асандын аты берилсин.
2. Шеркулов Асандын атын коюуга кетүүчү 38750 сом акча каражатын карап берүү жагы Базар-Коргон шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,регламент жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Жалиловго милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков
|