Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 07-февралы №6
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын аткарылышы 2026-жылга бюджетин жана 2026-2027-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын аткарылышы 2026-жылга каралган айылдык бюджети жана 2027-2028- жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 78-бренесинин негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралган. Ушул каралып чыккан бюджетти Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесинин 3 пунктун жетекчиликке алып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2026-жылга Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 45086,4 миң сом өлчөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (1-тиркеме тиркелет)
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү 2026-жылга түшкөн кирешелердин жана ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
3. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2026-2027- жылдарга бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү №2 жана №3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.
4. Кирешенин болжолу 2027-жылга 49763,8 миң сомго жана 2028-жылга 54877,8 миң сомго бекитилсин.
5. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга айыл өкмөтүнүн бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.
6. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айыл өкмөтүнүн бюджетинин мекемесинин каржылоосуна калаары аныкталсын.
7. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
8. 2025-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү, киргизүү айылдык кеңешке ыйгарылсын.
9. Жергиликтүү бюджеттин аткарылышын мекеме-ишканалардын финансалык–экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
10. Ушул токтом Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
11. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
12. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
13. Ушул токтомдун көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага | М.Бакиров |