Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 07-февралы №7
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайыт ресуртарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын “Кыркол” таза суу муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин адиси А.Арапов мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу үчүн гектарына жайыт акысын бекитип берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесин ылайык Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши токтом кылат:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга убактылуу пайдаланууга төмөндөгүдөй өлчөмдө жайыт акы төлөө өлчөмдөрү бекитип берилсин.
2. Бак дарактар гектарына бир жылына жайыт акысы 1500 сом Чөп чабынды жер бир гектарына бир жылга жайыт акысы 2500 сомдон 3000 сом, туризм жана жарандардын эс алуусу багытындагы жайыт жерлерине бир сотыхына 100 сомдон болуп бекитилип берилсин. Бекитилген өлчөмдөгү төлөмдөрдү жыйноо аны туура пайдалануу менен калк арасында түшүндүрүү иштерин жакшыртуу жагы “Кыркол” таза суу муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин адиси Арапов Азиреталиге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Тажибаевге тапшырылсын.
Төрага | М.Бакиров |