Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 07-февралы №8
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2026-жылга карата божомол бюджетин бекитүү жөнүндө
Т.Зулпуев айыл аймагынын айылдык кенеши мекемесинин сессиясында айтылган сунуштарды угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык Т.Зулпуев айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2026-жылга карата өндүрүүмдүүлүгүн түзгөн жайыт акысы 644 000 (алты жүз кырк төрт) сом болуп бекитилсин. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин чыгаша бөлүгүн 644 000 (алты жүз кырк төрт) сом болуп бекитилсин. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт акысына төгүлгөн акча каражаты кайрадан толугу менен кайтарып берилсин.(№1 тиркеме тиркелет).
2. 2026-жылга карата кабыл алынган бюджеттин аткарылышын максаттуу пайдалануу жагы “Кыркол” таза суу муниципалдык ишканасынын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу Т.Маматовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин “Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | М.Бакиров |