Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 07-февралы №9
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайытка баруучу мал жандыктарынын мал башына төлөнүүчү жайыт акысын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин сессиясында айтылган сунуштарды угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайытка баруучу малдарга төмөндөгүдөй өлчөмдөрү бекитилип берилсин.
1.Кара Мал сезонго -210 сом айына 30 сом
2.Жылкыга сезонго -210 сом айына 30 сом
3.Эчкилерге сезонго -210 сом айына 30 сом
4.Койлорго сезонго -105 сом айына 15 сом
2. Айыл аймагынан сырт жактан келген малдар үчүн үч эсселенген сумма болуп төмөндөгүдөй өлчөмдө акы төлөө бекитилсин.
1.Кара Мал сезонго - 420 сом айына 60 сом
2.Жылкыга сезонго - 420 сом айына 60 сом
3.Эчкилерге сезонго - 420 сом айына 60 сом
4.Койлорго сезонго - 252 сом айына 36 сом болуп бекитилсин.
3. Ушул токтом Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бекитилген өлчөмдөгү төлөмдөрдү жыйноо аны туура пайдалануу менен калк арасында түшүндүрүү иштерин жакшыртуу жагы “Кыркол” таза суу муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин адиси Арапов Азиреталиге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Бакиров |