Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 12-августундагы № 7
“Базар-Коргон шаарындагы №37 “Икбол” балдар бакчасына кошумча бир тайпа ачып берүү жөнүндө ”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-беренесин, 29-беренесинин 6-пунктун, Өкмөттүк акселератор программасынын ”Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” программасын аткарууга алып, 08.08.2025-жылдагы №01-27/2230 сандуу Базар-Коргон шаарынын мэринин орун басары Н.Ж.Ашимовдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул маселелери, маданият, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, жаштар, спорт, штат бирдиги боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын XI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарындагы №37 “Икбол” балдар бакчасына кошумча бир тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул маселелери, маданият, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, жаштар, спорт, штат бирдиги боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Ташиевага милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков
|