Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги XII сессиясы
2025-жылдын 9-сентябрындагы № 2
“Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдында жаңы ачылып жаткан “Чарбалык эсептеги Базар-Коргон автобекет” муниципалдык ишканасын ачуу максатында Уставын бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27,65-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-августундагы №666-т тескемесинин 2-пунктуна ылайык, Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевдин 13.08.2025-жылкы №01-28/2289 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кенешинин «Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,регламент жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдында жаңы ачылып жаткан “Чарбалык эсептеги Базар-Коргон автобекет” муниципалдык ишканасын ачуу максатында Уставын алымча-кошумчасы менен бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К. Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кенешинин ««Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,регламент жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Аскар кызы Жанаргүлгө милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков
|