Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
II чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
ТОКТОМ
17.04.2026 № 35
Ак-Суу балдарды реабилитациялоо бөлүмүнө
Гулжамый Дыйканованын
атын ыйгаруу жөнүндө
Жергиликтүү кеңештин депутаттык этика, мыйзамдуулук, мандат, дин маселелери, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 25-мартындагы №2 протоколунун негизинде жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1. Ак-Суу балдарды реабилитациялоо бөлүмүнө Гулжамый Дыйканованын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башкы адис-юрист М.Жапаровага жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов