Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 11-февралы № 6/1
Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин « Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө » токтомун аймактын ички тартибине ылайык аткарууга алуу максатында Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин « Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө » токтомун айыл аймагында ишке ашырууга макулдук берилсин:
- Ишке ашыруу үчүн жалпы калк арасында кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;
- Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө ар бир айыл аймактын ички тартибине ылайык, токтомдун негизинде Жобо иштелип чыксын;
- Жобону ар бир айылдын ички тартибине ылайык,ар бир айылдын имамдары менен бирдикте иштеп чыгуу айыл өкмөтүнүн тиешелүү адисине милдеттендирилсин;
- Иштелген Жобо жалпы элдик талкууга коюлсун жана бекитилсин.
2. Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткаруу жана көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Мамытовго тапшырылсын.
Тѳрага: | Э. Султаналиев |