Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8 апрели №1/7-35
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү акысы жөнүндө
Кемин райондук Агрардык өнүктүрүү башкармалыгы «Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы Министрлигинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 04-13/59 буйругу менен бекитилген, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына, айыл чарба кооперативдерине жана тартиби жөнүндө буйругун аткаруу максатында 2025-жылдын 12-13-14-мартында ижара мөөнөтү бүткөн башкармалыка өткөн жерлер боюнча карап, талкуулап Кызыл-Октябрь айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субьекттерине берүү тартиби жөнүндө жобонун негизинде 1 га жерге 10 620 сом ижара акысы бекилсин. үчүн Мамлекеттик мүлк фондунун жерлеринен ижарага жер тилкелери берилсин.
2. Токтом массалык малымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Н.Ж. Сулаймановго жүктөлсүн.
Төрага |
| А. Карамырзаев |