Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
(кезектеги XVII сессия)
2026-жылдын 27-февралы №4
Раззаков шаарынын мэринин 2025-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету.
Раззаков шаарынын мэринин 2025-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 6-пунктчасына ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:
Төрага | С.А. Саматов |
Раззаков шаардык Кеңешинин 2026-жылдын
27-февралындагы №4 токтомуна тиркеме
Раззаков шаарынын мэринин 2025–жыл ичинде аткарган иштери тууралуу
ОТЧЕТУ
Кыргыз Республикасынын 2021–жылдын 20–октябрындагы Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123–Мыйзамынын 27–беренесине ылайык Раззаков шаарынын жашоо–турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык–экономикалык өнүгүшүн уюштуруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү менен кошо Раззаков шаарынын 2025–жылга социалдык–экономикалык өнүктүрүү программасында бекитилген иш–чараларды аткаруу багытында 2025–жыл ичинде бир топ жумуштар аткарылды.
РАЗЗАКОВ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ
1. Кирешелер боюнча:
2025–жылдын январь айында 2024–жыл ичинде аткарылган жумуштардын жана жыйналган салыктардын жыйынтыгы чыгарылып, 2025–жылга карата Раззаков шаарынын мэриясынын киреше боюнча иш планы түзүлдү. Түзүлгөн иш планга ылайык Лейлек райондук салык кызматы менен бирдикте тыгыз иш алып барылууда.
2025-жыл үчүн жергиликтүү салык боюнча 6 104 700 сом план белгиленген болуп бул көрсөткүч 7 534 700 сомго аткарылды пайыз менен алганда 123,4% ды түздү. Жергиликтүү салык боюнча 2024-жылдын он эки айлыгына салыштырмалуу 4 623 400 сом аз жыйналган себеби автоо ууна жана айыл чарбасына арналган жер салыгыдан бошотулган.
Киреше салыгы боюнча 2025-жылдын он эки айлыгына карата 91 151 000 сом план белгиленип бул көрсөткүч 93 566 100 сомду түздү пайыз менен алганда 102,6% ды түздү. Ал эми киреше салыгы 2024-жылдын он эки айлыгына салыштырмалуу 2 932 800 сомго ашыкча жыйналды.
Атайын салыктар боюнча 2025-жылдын он эки айлыгында 3 244 800 сом салык жыйналды, бул салыктын түрү боюнча план 2 968 600 сомду түзүп, ал эми аткарылганы пайыз менен алганда 109,3% ды түздү. 2024-жылдын он эки айына салыштырмалуу 1 225 900 сомго көп жыйналды.
Жер салыктары тамарка жана айыл чарбасына арналбаган жер салыгы үчүн 2025-жылдын он эки айына 4 784 700 план белгиленип 5 399 900 сомго аткарылды. Пайыз менен алганда 112,9% ды түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын он эки айына салыштырмалуу 408 100 сомга аз жыйналды.