Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
(кезектеги XVII сессия)
2026-жылдын 27-февралы №5
Жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы тууралуу маселелерди кароо.
Жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы тууралуу маалыматтарды угуп жана талкуулап «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы тууралуу маалыматтары көңүлгө алынсын. ( Тиркеме тиркелет)
2. Белгиленген кемчиликтерди четтетүү, аткарууга алуу жана аткарылган жумуштар боюнча шаардык Кеңешке маалымат берүү жагы Раззаков шаарынын мэри А.С.Жоробаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, жерлер жана айыл чарба тармагы боюнча жана курулуш, өнөр жай, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | С.А. Саматов |
Раззаков шаардык Кеңешинин 2026-жылдын
27-февралындагы №5 токтомуна №1 тиркеме
Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин 2025-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
Маалымат
2025–жылда айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин атуулдарга ижарага берилген жерлердин ижара акысы 1750000 сомду түзгөн болсо, аткарылганы -1782,5 миң сом же 103 % га аткарылды.
-Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы аянты -1398 га, анын ичинен: 2025-жылда ижарага берилген суулуу айдоо жер аянты – 164 га, кайрак айдоо жер аянты- 799,4 га, чөп чабынды жер аянты – 151,4 га, бак-дарактар- 85 га, жалпысынан 1200 га жер аянты ижарага берилген.
Жазгы кылкандуу дан эгиндерин эгүү 10-апрелде аяктады. Баардыгы болуп 4001 га жазгы кылкандуу дан эгиндери эгилди. Анын ичинен: 2068 га буудай, анын ичинен 623 га сугат айдоо жер, 1445 га.кайрак айдоо жер; 1933 га - арпа, анын ичинен -249 га сугат айдоо жер, 1684 га кайрак айдоо жер эгилди.
Жалпы эгилген кылкандуу дан эгиндери: күздүк – 907 га, анын ичинен200 га суулуу, эгилген кылкандуу дан жалпы 3933 га, анын ичинен 872 га суулуу, дандык жугору – 188 га суулуу айдоо, дан буурчак – 34 га, май өсүмдүктөрү күн карама, масар – 96 га кайрак айдоо, картошка – 137 га сугат айдоо, жашылча 146 га. Мөмө жемиш – 139 га, парга калтырылганы – 372 га, пайдаланылбай калган аянт – 198 га. Анын ичинен чөп – 80,40га. --эгин талааларында саранча (чегиртке) чыккан участкаларын дарылоо иштери жүргүзүлдү. Бардыгы болуп 3600 га жер саранчага каршы дарылынды.
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин “Айыл чарба кооперативдерин, үрөөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө” 2021-жылдын 17-декабрындагы №309, 2022-жылдын 9-сентябрындагы №494 – токтомдорунун жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 28-февралындагы №67 – НИ буйругу менен бекитилген жалпы Жобону жетекчиликке жана аткарууга алуу менен Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 28-сентябрындагы №2/239- буйругунун жана түзүлгөн комисиянын негизинде Раззаков шаарынын мэриясынын карамагындагы малекеттик фондунун 225 контурдан турган жерлеринин 50% зы Агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөндүгүн билдиремин.
Кадастр, Геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик бөлүмүнүн Сүлүктү-Лейлек филиалынын мекемесинен электрондук Мамлекеттик АКТ алууга жана кузнечик чегирткесине, зыянкеч чөптөргө (сары чырмоокко) Раззаков шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинен акча каражаттары бөлүнүп каралып жаткандыгын маалымдайт.
Раззаков шаарынын мэриясынын
айыл чарба, жер боюнча башкы адиси: Н.Усаров
Раззаков шаардык Кеңешинин 2026-жылдын
27-февралындагы №5 токтомуна №2 тиркеме
«Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2025-жыл ичинде Раззаков шаарынын көчөлөрүнө жана шаарга караштуу айылдарга түнкү жарыктандыруу иштерине керектүү буюмдарын орнотулгандыгы жөнүндө
Маалымат
№ |
Орнотулган буюмдар |
саны |
1 | Прожектор 50в - | 135 даана |
2 | Прожектор 100в- | 248 даана |
3 | Кабель 2х6 - | 12 608 метр |
4 | Кабел 2х4 - | 400 метр |
5 | Автомат - | 20 даана |
6 | Изолента - | 8 даана |
7 | Фотореле - | 15 даана |
8 | Пускатель - | 13 даана |
9 | Труба - | 18 даана |
10 | Столба - | 8 даана |
11 | Трос - | 1000 метр |
12 | Лампочка - | 16 даана |
13 | Щит - | 10 даана |
14 | мамылардын асты ак боёк менен сырдалды | 208 даана |