Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
(кезектеги XVII сессия)
2026-жылдын 27-февралы №6
Раззаков шаарынын аймагындагы жайыттарды пайдалануунун 2026-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын аймагындагы жайыттарды пайдалануунун 2026-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:
Төрага | С.А. Саматов |
Раззаков шаардык Кеңешинин 2026-жылдын
27-февралындагы №6 токтомуна тиркеме
Жайыттарды пайдалануунун 2026-жылга карата планы
МАЗМУНУ
1. ЖАЙЫТТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ ПЛАНЫ
1.1. Раззаков шаарынын иш аракеттеринин графиги
1.2. Жайытты пайдалануунун сезону
1.3. Жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү чаралары
1.4. 2026-жылга карата шартуу мал башынын иш жүзүндөгү саны
1.5. Жайыт пайдалануунун учурдагы жана пландаштырылган системасы
2. ЖАЙЫТТТАРДЫ, ЖАЙЫТ ИНФРАСТРУКТУРАСЫН ЖАНА МАЛ ЧАРБАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА ИШ АРАКЕТТЕРДИН ПЛАНЫ
2.1. Жайыттарды, инфраструктурасын жана мал чарбасын өнүктүрүүнүн жана жакшыртуунун планы
2.2. Малдын ден соолугун коргоо тобунун иш-чаралары
2.3. Раззаков шаарынын бюджети
2.4. Жайыттарды мал жаюу жана башка максатка пайдалануу үчүн жыйымдар
2.5. Жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планынын аткарылышына мониторинг жана баа берүү
3. ЖАЙЫТТЫ ПАЙДАЛАНУУ РЕЖИМИ ЖАНА БУЗУУЛАР ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК
3.1. Ички тартип эрежелери
3.2. Мал жаюу тартибин бузгандарга жоопкерчилик
4. ТИРКЕМЕЛЕР
1. ЖАЙЫТТЫ ПАЙДАЛАНУУ ПЛАНЫ
План Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамына жана башка нормативдик укуктук актыларга негизделип 2026-жылы Раззаков шаарында иштелип чыкты.
Пландын максаты: жайыттын абалын жакшыртуу; жайкы жана алыскы жайыттарга барууну жогорулатуу; кышкы тоюту жана ветеринардык алдын алуу иш-аракеттерди өнүктүрүү менен малдын ооруларын 50% азайтуу; малдын өлүмүн 75% азайтуу; сүт саап алууга жана малдын салмагын жогорулатууга, өз кезегинде мал чарбасынын өнүгүшүнө, коомчулуктун мүчөлөрүнүн кирешелерин жогорулатууга, жакырчылыкты кыскартууга, климаттын өзгөргөн шартында жайыт пайдалануучулардын таламдарын коргоого шарт түзөт. Планды толук ишке ашыруу үчүн жайыт башкарууга аялдардын жана жаштардын 30%нан кем эмесин тартуу пландаштырылууда.
1.1. Раззаков шаарынын жайыт комитетинин иш аракеттеринин графиги
№1 Таблица
№ | Иш-чаралар | Айлар | жооптуулар | |||||||||||
I | II | III | IV | V | VI | VII | VIII | IX | X | XI | XII | |||
Аткарылгандыгы тууралуу белги, (+/-) | ||||||||||||||
1 | Жергиликтүү коомдоштуктун жылдык чогулушу |
| + |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Раззаков шаары |
2 | А/А малды саноо |
|
|
| + | + | + | + | + |
|
|
|
| Раззаков шаары |
3 | Сезон боюнча жайылып жүргөн малдын санын тактоо |
|
| + | + | + | + |
|
|
|
|
|
| Раззаков шаары |
4 | Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын иштеп чыгуу, жергиликтүү жамааттын чогулушунда талкуулоо, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгында макулдашуу | + | + | + |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Раззаков шаары |
5 | Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарын жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитүү | + | + | + |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Раззаков шаары /Жергиликтүү кенеш |
6 | Жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү, жайыт билеттерин берүү |
|
| + | + | + | + |
|
|
|
|
|
| Раззаков шаары |
7 | Жайыт участоктордун абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү |
|
| + | + | + | + | + | + | + | + |
|
| Раззаков шаары/мониторинг жана баалоо группасы |
8 | Ветеринардык алдын ала иш чаралардын аткарылышына көзөмөл |
| + | + | + | + | + | + | + | + | + | + |
| Раззаков шаары , малдын ден-соолугун коргоо тобу |
9 | Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу иш чаралары |
|
| + | + | + | + | + |
|
|
|
|
| Раззаков шаары |
10 | Малды көчүрүүнү уюштуруу |
|
|
|
| + | + | + |
|
|
|
|
| Раззаков шаары |
11 | Жайыт жыйымдарын чогултуу | + | + | + | + | + | + | + | + | + | + | + | + | Раззаков шаары |
12 | Раззаков шаарынын дараметин жогорулатуу үчүн окуулар |
|
| + | + | + | + | + | + | + |
|
|
| Раззаков шаары |
1.2.Жайыттарды пайдалануу сезону
Малды жайыттарга көчүрүү графиги Кыргызгидрометтин аба ырайы тууралуу божомолдорун (айлык божомол, 5 суткага божомол жана аба ырайы боюнча шашылыш билдирүүлөрдүн божомолу) эске алуу менен түзүлөт. Жайыт үчүн бир айга божомол, жумуш учурунда 5 суткалык божомолдун жана аба ырайы боюнча шашылыш билдирүүлөрдүн божомолу менен такталат. Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүүлөр болгон учурда аба ырайынын бузулушунун (катуу жаан, кар, шамал) кесепетин кыскартуу иш аракеттери жүргүзүлөт. Бул иш аракеттер. «Экстремальные погодные условия и меры защиты от них, Бишкек, 2018» деген китепчеде сүрөттөлгөн. Мал жаюу графиги мал жаюу схемасынын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
Жайыттар жана башка мал жаюуга ылайыктуу жерлер мал жаюу мөөнөттөрү, малды колдо багуу боюнча төмөндөгү сезондорго бөлүнөт:
№2 Таблица