Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 11-февралы № 6/4
Казыбек айыл аймагында жергиликтүү демилгелерди колдоо жана ишке ашыруу үчүн финансылык каражат бөлүү жөнүндө жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиктин «05» «09» 2019-ж. № 01-18/84 буйругу менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан
жергиликтүү демилгелерди тандоонун жанакаржылоонун тартиби жөнүндө Жобону аткарууга алуу максатында Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жергиликтүү демилгелерди тандоо үчүн ачык сынак өткөрүлсүн;
2.Сынактын жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан жактырылган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен тиешелүү 139 700(жүз отуз тогуз миң жети жүз ) сом финансылык каражат бөлүнсүн;
3.Сынакты уюштуруу жана өткөрүү милдети Казыбек айылдык китепкана башчысы Самүдүнова Назирага жүктөлсүн;
4.Финансылык каражаттарды пландаштыруу жана каржылоо Социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Исаковго жана Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
5.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага: | Э. Султаналиев |