Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-апрели № I/7-36
"О.Новичихинанын жер участогуна укук токтотулганына байланыштуу муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө"
Чуй областынын Кемин районунун прокуратурасынын 2025-жылдын 03-февралындагы № 11/05-13-25 ченемдин укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө талабынын негизинде Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1999-жылдын 2-июну № 46 Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 62-беренесинин 3-п жана 4-п "жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу дуйнөдөн кайтканда, мурасчылар жок болсо" жана 4-п "жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу жер участогуна болгон укугунан ыктярдуу баш тартканда" ылайык О.Новичихинага тиешелүү болгон Кызыл-Октябрь айылынын Шаповалова көчөсүнүн №º19 дареги боюнча жайгашкан үй курулмасынын жана 183-контурунда жайгашкан 0,98 га жер тилкеси боюнча жер участогуна укук токтотулганына байланыштуу муниципалдык менчик өткөрүлсүн.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулайманов тапшырылсын.
Төрага |
| А.Карамырзаев |