Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 13-майы №1
Нарын шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуудагы жана саркынды сууларга карата кызмат акы тарифин көтөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелерин жетекчиликке алып, Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын долбоорунун II фазасында жасалып жаткан иштер боюнча таза жана саркынды суунун тарифин көтөрүү боюнча өткөрүлгөн коомдук угуулардын протоколдорун эске алуу менен, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. Нарын суу-канал ишканасынын таза сууга болгон төлөмдөрүнүн жаңы тарифи 1 метр куб суу 12 (он эки) сомдон 14 (он төрт) сомго, саркынды сууну агызуу 7 (жети) сом 65 (алтымыш беш) тыйындан 9 (тогуз) сом 30 (отуз) тыйынга, ал эми, суу пайдалануунун ченемине ылайык, таза суу жана саркынды суу тутумдары бар абоненттерге 83 (сексен үч) сом 67 (алтымыш жети) тыйындан 99 (токсон тогуз) сом 22 (жыйырма эки) тыйынга, таза суусу бар абоненттерге 36 (отуз алты) сом 50 (элүү) тыйындан, 42 (кырк эки) сом 58 (элүү сегиз) тыйынга, суу түтүкчөлөрүнөн (колонка) алган абоненттерге 12 (он эки) сом 80 (сексен) тыйындан, 14 (он төрт) сом 93 (токсон үч) тыйынга көтөрүүгө макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Нарын шаардык Кеңешинин V чакырылыштагы 2022-жылдын 2-мартындагы кезектеги Х сессиясынын №4 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Шаардын калкын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча натыйжалуу иш аракеттерди күчөтүү жагы Нарын суу-канал ишканасына жүктөлсүн.
4. Жаңы тарифтерди бекиттирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу Мамлекеттик агенттигинин Нарын облусу боюнча бөлүмү менен иш алып баруу жагы Нарын суу-канал ишканасынын жетекчисине тапшырылсын жана макулдашуулардан кийин 2026-жылдын 1-июнунан тартып эсептөө жагы жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына
жүктөлсүн.
5. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ж. Эсеналиев |
Нарын суу –канал ишканасынын таза суу менен камсыз кылуу жана ыплас сууларды кабыл алуу бааларынын өзгөрүшү
№ | Аталышы |
2025-жылга |
2026-жылга | ||
Таза суу - сом | Сарк. суу - сом | Таза суу - сом | Сарк. суу - сом | ||
1 | Физикалык жактар (Калк үчүн тариф м3) | 12,00 | 7,65 | 14,00 | 9,30 |
1.1 | Көп кабаттуу жана үйдүн ичинен суу чыккан, канализациясы Бар тургундарга 1 адамга бир айга | 51,10 | 32,57 | 59,62 | 39,60 |
| Жалпысы | 83,67 |
| 99,22 |
|
1.2 | Үйүнүн ичинде суусу бар тургундарга 1 адамга 1 айга ( канализациясы жок ) | 36,50 |
| 42,58 |
|
1.3 | Көчөдөгү колонкадан суу алуучу тургундарга, 1 адамга 1 айга | 12,80 |
| 14,93 |
|
1.4 | Суу өлчөөчү жабдык болсо- Водомер м3 жараша | 12,00 |
| 14,00 |
|
1.5 | Суу өлчөөчү жабдык (Водомер) болсо жана канализациясы бар тургундарга | 12,00 | 7,65 | 14,00 | 9,30 |
2 | Юридикалык жактар (Мекеме, ишканалар,чарбалык эсептеги жана коммерциялык ишканалар- 1 м3) | 30,00 | 27,87 | 30,0 | 27,87 |
2.1 | Бюджеттик мекелер | 30,00 | 27,87 | 30,00 | 27,87 |
2.2 | Чабалык эсептеги,коммерциялык ишканалар |
30,00 |
27,87 |
30,00 |
27,87 |
Нарын шаардык Кеңешинин
жооптуу катчысы А.Жапаралиева
Суу пайдалануу нормасы
1 | Үй ичинде суусу жанан канализация бар уйлөрдун тургундарына: | Таза суу. 140 л х 365 кун : 1000 = 51,1 м3 51,1 м3 х 14,00 = 715 сом 40 тыйын 715,40 : 12 ай = 59 сом 62 тыйын |
|
| Ыплас суу агызуу . 140 л х 365 кун : 1000 = 51,1 м3 51,1 м3 х 9,30 = 475 сом 23 тыйын 475,23 : 12 ай = 39 сом 60 тыйын |
2 | Үй ичинде суусу бар тургундарга : | Таза суу. 100 л х 365 кун : 1000 = 36,5 м3 36,5 м3 х 14,00 = 511 сом 00 тыйын 511,00 : 12 ай = 42, сом 58 тыйын
|
3 | Көчөдөгу колонкадан суу алуучу тургундарга: | Таза суу. 35,0 л х 365 кун : 1000 = 12,8 м3 12,8 х 14,00 = 179 сом 20 тыйын 179,20 : 12 ай = 14 сом 93 тыйын
|
Нарын шаардык Кеңешинин
жооптуу катчысы А.Жапаралиева